Билим берүү жана илим министрлигинин 2023-2024-окуу жылында жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуудагы босого балл боюнча буйругу бекиди. Ага ылайык, жогорку окуу жайларга гранттык негизде жана келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларына негизги тесттин босого баллы жылдагыдай эле 110, предметтик тесттердин босого баллы 60 бойдон калтырылды. Ал эми педагогика багыттары боюнча бюджеттик орунга тапшыра […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын 10 жараны 2023-2024-окуу жылына карата ШКУнун Стипендия программасынын алкагында Кытай Эл Республикасынын Жогорку окуу жайларына кабыл алынган. Кыргыз стипендиаттарынын тизмеси: Шанхай эл аралык изилдөөлөр университети – Елизавета Енова, Шанхай эл аралык изилдөөлөр университети – Нуркыз Кенжетаева, Тяньцзинь университети – Ренат Касымакунов, Пекин тил жана маданият университети – Бегимай Садиева, Фудань университети — Сажида […]Читать далее
23-июнда Билим берүү жана илим министрлигинде өткөн жыйында Европа биримдигинин билим берүү тармагын бюджеттик колдоо программасы боюнча II транштын индикаторлорунун аткарылышы каралды. Жыйынга билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева, министрликтин Мектептеги билим берүү жана китеп чыгаруу саясатынын башкармалыгынын башчысы Кыялбек Акматов, Кыргыз билим берүү академиясынын, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра […]Читать далее
5-июлда “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын “Мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды кыскартуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу” долбоорунун жумушчу тобунун жыйынында долбоорду ишке ашыруунун жыйынтыгы чыгарылды. Жыйынга билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев, Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева, министрдин орун басары Аида Рысбаева, министрликтин түзүмдүк […]Читать далее
2023-жылы Жалпы республикалык тесттин жыйынтыгы боюнча 29 миң 799 адам же катышуучулардын 58,3% 110 баллдан жогору алды. Жалпы республикалык тестке 51 миң 73 адам катышты. Бул жылы ЖРТнын максималдуу көрсөткүчү – 236 упай, эң азы – 29 упай, орточо – 121,8 упай. Тест упайларынын орточо мааниси боюнча жогорку көрсөткүч: Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынан катышуучулардыкы – […]Читать далее
2023-жылдын 3-июлуна карата мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-классына 97 миң 486 бала кабыл алынды, бул жалпы квотанын 52,5% түзөт. Электрондук каттоодо баланын ата-энеси же мыйзамдуу өкүлдөрү эң көп активдүүлүктү Бишкек шаарынын Октябрь районунда – квотадан 82%, Талас облусунун Кара-Буура районунда – 79%, Нарын облусунун Жумгал районунда – 74%, Талас облусунда – 60% көрсөттү. Эң аз […]Читать далее
Билим берүү жана илим министрлиги 2023-204-окуу жылына Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайларга абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу 17-июлда баштала тургандыгын билдирет. Жогорку окуу жайларга кабыл алуу төрт этапта жүргүзүлөт. ЖРТ электрондук талону менен өтүнмө берүү : I тур – 17-июль саат 8:00дөн 19-июль саат 14:00гө чейин; II тур – 24-июль саат 8:00дөн […]Читать далее
Үстүбүздөгү жылдын 3-июлунда Ысык-Көл облусунун Түп районунун Кош-Дөбө айылындагы №85 кесиптик лицейдин базасында англис тили мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу курсу өз ишин баштайт. Аталган долбоор Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана “Англия Экзаминейшнс” билим берүү мекемеси менен биргеликте ишке ашырылууда. Долбоор боюнча Кыргыз Республикасынын мектептеринде англис тили мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу жана окутуунун […]Читать далее
2023-жылдын 10-апрелинен 29-июлуна карата мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-классына 93 миң 472 бала кабыл алынды. Анын ичинен 2 миң 106 бала жеңилдик менен кабыл алынды. Белгилей кетсек, 26-июнда тарта электрондук каттоонун экинчи этабы башталган. II этапта жашаган дарегине карабай 26-июндан 31-августка чейин каттоого турууга болот.Читать далее
Бүгүн, 26-июнда мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-классына электрондук каттоонун экинчи этабы башталды. II этапта жашаган дарегине карабай 26-июндан 31-августка чейин каттоого турууга болот. Биринчи этап – юридикалык жашаган жери боюнча 10-апрелден 25-июнга чейин жүргүзүлдү. Мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-классына 81 миң 396 бала кабыл алынса, анын ичинен 1 миң 967 бала жеңилдик менен кабыл алынды. […]Читать далее