Билим берүү министрлиги: 90 миң 450 нускада “Алиппе” китеби басылып чыкты

 Билим берүү министрлиги: 90 миң 450 нускада “Алиппе” китеби басылып чыкты
Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептердин 1-класстары үчүн 90 миң 450 нускада “Алиппе” окуу китеби басылып чыкты.
“Алиппе” окуу китеби республикалык бюджеттен китеп басып чыгарууга бөлүнгөн каражаттын эсебинен 20 млн 170 миң 350 сомго басылды.
Ошондой эле окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептердин мугалимдери үчүн 721 миң 285 сомго 3 миң 985 нускада “Алиппе” методикалык колдонмо басылып чыкты.
“Алиппе” окуу китеби жана мугалимдер үчүн методикалык колдонмо аймактардагы мектептерге таратыла баштады.
Президент Садыр Жапаровдун “Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдарын даярдоо маселелери жөнүндө” Жарлыгына ылайык, окуу китептерин “Учкун” ААК басып чыгарууда.

Связанный пост