Бүгүн 13-октябрда КР Баткен облусунун түзүлгөн күнүнө арналган иш чара “Апаз Жайнаков” атындагы музыкалык драма театрында өттү. КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев облус калкын куттуктап, “байманалуу Баткенибиздин баркын убакыт өткөн сайын сезип, туюп турабыз. Кыргызстандын тынчтыгы, өнүгүүсү үчүн, аймактын коопсуздугу канчалыкмаанилүү экенин болуп өткөн окуялар далилдеди. Өлкөнүн эң алыскы, стратегиялык маанилүү […]Читать далее
Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Кызыл Жылдыз айылындагы К.Акыев атындагы 225 орундуу мектепте курулуш иштери аяктады. Объектти куруу 2016-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Бүгүнкү күндө билим уясынын курулуш-монтаждоо иштери жана спорт зал корпусу толук бүткөрүлдү. Ал эми мектептин айланасын жашылдандыруу жумуштары дээрлик аяктап калды. Ушул жылдын 16-октябрында мектеп окуучуларга пайдаланууга тапшырылат.Читать далее
Баткен шаарында жугуштуу оорулардын алдын алуу жана тамак-аштан ууланууну болтурбоо максатында рейддик иш чаралар уланууда. Шаар мэринин буйругуна ылайык атайын комиссия түзүлүп, соода-сатык түйүндөрүндөгү азык-түлүк продукциялары текшерилди. Анда мөөнөтү өтүп кеткен, сапатына негизделген сертификатар жана продукцилардын санитардык абалы текшерилди. Рейддик текшерүүнүн жүрүшүндө дүкөндөрдө чыгарган жана сактоо мөөнөтү көрсөтүлбөгөгөн, мөөнөтү өтүп кеткен азык-түлүктөр табылып, сатыктан алынды. […]Читать далее
Баткен районунда 8 социалдык обьект пайдаланууга берүү алдында Алар, – Ак-Сай айылындагы 275 орундуу Б.Ходжаев атындагы орто мектеби – Ак-Сай айылындагы 75 орундуу «Эделвейс» балдар бакчасы – Көк-Таш айылындагы 50 орундуу «Учкун» балдар бакчасы – Көк-Таш айылындагы 120 орундуу башталгыч мектеп – Достук айылындагы 100 орундуу орто мектеп – Достук айылындагы 50 орундуу “Бөбөктай” балдар […]Читать далее
“Кыргыз Республикасында тобокелдиктерди комплекстүү башкаруу жана Борбордук Азияда регионалдык кызматташуу боюнча потенциалды чыңдоо” долбоорунун алкагында Жапония Чаткал районунда кар көчкүлөргө мониторинг жүргүзгөн эки станция орнотту. Станциялар реалдуу убакыт режиминде так маалымат берип, калкты кар көчкү коркунучу тууралуу алдын ала кабардар кылып турат, бул калктын коопсуздугун жакшыртат. Демилге Жапония БУУӨП аркылуу Борбордук Азия аймагында климаттын өзгөрүшүнө […]Читать далее
Нарын районунун Миң-Булак айыл аймагында республикада биринчилерден болуп “Өнөр жай аймагы” инвесторлор үчүн эшигин ачты. Бул тууралуу президенттин өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, өнөр жай аймагы кечээ, 10-октябрда инвестициялык форумдун алкагында ачылган. Анын аянты 20 гектарды түзгөн “Бул жер аянты Нарын райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан айыл чарба багытынан өнөр жай категориясына которулган. Эл аралык маанидеги Бишкек-Нарын-Торугарт […]Читать далее
2023-жылдын 12-октябрь күнү Баткен облустук бөлүмдүн кызматкерлери, Баткен шаарынын мэриясынын пресс катчысы Аскар Баймуратов менен биргеликте 1-сорттогу буудай унунан жасалган нан азыктарына, тандыр нан, бөлкө нандын бааларына мониторинг жүргүзүлдү. Сатуучуларга нандын максималдуу деңгээли белгиленген баадан ашырбай сатуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Нандын максималдуу деңгээли 1 кг. дүң баасы 56,5 сомдон, чекене баасын 65,0 сом, нан […]Читать далее
Нарын облусунун Кочкор районунундагы Сары-Булак айыл аймагына караштуу Ак-Кыя айылындагы Бейшеев атындагы жаңы мектеп эки корпустан туруп, спорттук зал жана өтмө галереясы бар. Билим уясынын долбоордук кубаттуулугу 150 орунга ылайыкталган. Жаңы мектепте негизги класстык кабинеттерден сырткары химия, физика, биология сабактары боюнча кабинеттер жана лабораториялар, кыргыз тили, чет тили, орус тили кабинеттери, кыздар үчүн кол эмгек […]Читать далее
2023-жылдын түшүмү үчүн жалпы облус аймагында 32 миң 445 гектар жер аянтка кылкандуу дан эгиндери эгилип, толугу менен коромжусуз жыйнап алынды. Тактап айтканда, 18 миң 137 гектар аянтка буудай өсүмдүгү эгилген. Бул 2022-жылга салыштырмалуу 601 гектар аянка көп. Гектарына орточо түшүмдүүлүк 26,6 центнерди түзүп, 48 миң 159,9 тонна дүн жыйым топтолду. Ал эми алдынкы дыйкан-фермерлер […]Читать далее
ЖКККББ: “Бишкек-Балыкчы-Нарын-Торугарт-Кытай чек арасы” эл аралык жолунда көчмө отурум өткөрүлдү
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, оор кесепеттер менен коштолгон жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу максатында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын демилгеси менен “Бишкек-Балыкчы-Нарын-Торугарт-Кытай Эл Республикасынын чек арасы” эл аралык маанидеги автомобиль жолунун 128,800-чакырымындагы жол тилкесине (“Дорожный айылы – Чолок – Боом” мамлекеттик маанидеги автомобиль жолу менен бириккен жери) комиссиялык көчмө отурум уюштурулду. Бул […]Читать далее