Нарында 9 жыл мурда курулуп баштаган спорттук зал пайдаланууга берилди

 Нарында 9 жыл мурда курулуп баштаган спорттук зал пайдаланууга берилди

Нарын облусунун Таш-Башат айылында спорттук зал пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган объектинин курулушу Мамкурулуштун Нарын облустук капиталдык курулуш башкармалыгы жана Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан жүргүзүлгөн.

Спорттук залдын курулуш иштери 2015-жылы башталган. Курулушуна жалпы 28 млн 558 миң сом каралган.

Связанный пост