Жер айдоо иштерин эң алгачкылардан болуп Баткен облусунун Лейлек жана Кадамжай райондорунда, Ош облусунун Араван жана Кара-Суу райондорунда, Жалал-Абад облусунун Ноокен, Базар-Коргон жана Сузак райондорунда башталган. Бүгүнкү күндө Баткен облусунун 5000 га аянты, Жалал-Абадда 13100 га, Ош облусунда 15500 га, Чүй облусунда 24700 га жана Талас облусунда 800 га аянт азоттук жер семирткичтер менен […]Читать далее
Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынын Ак-Өтөк тилкесинде туристтер үчүн панорамалык аймак пайда болот. Архитектура, курулуш, турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, анын эскиздик долбоору Шаар куруу жана архитектура департаментинин башкармалыгынын аймактык бөлүмү тарабынан иштелип чыкты. Долбоор чет элдик жана жергиликтүү туристтер үчүн түзүлүп, анын аймагы көрктөндүрүлөт.Читать далее
Ош облусунда тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн беш жылдык планы талкууланды. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн маалымдашты. Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен 2023-2027-жылдар тоолуу региондорду өнүктүрүүнүн беш жылдыгы деп жарыяланган. Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентинин “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттерди” ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Н.Айтмурзаев, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Илияз Ташбаев, […]Читать далее
Баткен облусунда массалык ишембилик өттү. Бул тууралуу КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. Ишембиликте айлана чөйрөнү тазалоо, имараттарды жана турак үйлөрдү, коомдук жайларды актап сырдоо, оңдоп түзөө, сугат арыктарын чабуу, гүл жана бак дарак көчөттөрүн отургузуу иштери жасалды. Бул күнү бак дарак көчөттөрүн отургузуу боюнча: КАДАМЖАЙ районунун Масалиев айыл […]Читать далее
Бүгүн Ноокен районунун Тоскоол Ата токой чарбасынын аянтына Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун “2022-жылды Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгынын жана “Жашыл Мурас” улуттук өнөктүгүнүн негизинде райондук ишембилик уюштурулуп, 1000ден ашык бадам көчөттөрү отургузулду. Иш-чарага КРнын ӨКМнин Токой кызматынын директору Станбек Исмаилов, Жалал-Абад облустук өзгөчө баалуу дарактар башкармалыгынын башчысы Автандил […]Читать далее
Күн мурун Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаевдин жетектөөсүндө коопсуздукту жана укук тартибин камсыздоо боюнча координациялык кеңештин жыйыны өттү. Жыйындын күн тартибинде “2023-2027-жылдарга карата экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча иш-чаралар планын Ош шаарынын аймагында ишке ашыруу жөнүндө” буйругунун аткарылышы боюнча баяндамалар жасалып, коомдук тартипти сактоо боюнча маселелер талкууланды. Жыйындын соңунда […]Читать далее
Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында катуу шамал катталды, деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы. Шамал 30-март түнү саат 01:50дө катталып, ылдамдыгы секундасына 24-28 метрге жеткен. Жеринде ӨКМдин кызматкерлери тактоо иштерин жүргүзүүдө. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.Читать далее
40 жылдык тарыхы бар Баткен районунун Кара-Булак айылындагы музей үчүн жаңы имарат курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти. Аталган айылда биздин замандын II-IV кылымдарына таандык “Мыктын Гөрү” көрүстөнү казылган. Анда мумияланган келиндин табыты табылган. Аймактагы табылгаларды сактоо максатында 40 жыл мурда “Мектеп музей” түзүлгөн. […]Читать далее
Бүгүн, 29-мартта Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов Кытай инвесторлорун кабыл алды. Бул тууралуу КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. Буга чейинки сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен жолугушууга айыл чарбасы, кайра иштетүү, кампалоо, курулуш, энергетика тармактарында ишмердүүлүк кылган жана кездеме, эмеректерди өндүргөн, пластикалык трубаларды чыгарган компаниялардын өкүлдөрү келип, ушул […]Читать далее
Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева Ысык-Көл облусунда “Өкмөттүк акселераторлор” программасын масштабдоо боюнча көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынан билдиришти. Иш-чарага райондук жана мамлекеттик администрациялардын, мэриялардын өкүлдөрү жана билим берүү жана илим, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, саламаттык сактоо министрлигинин жана мамлекеттик салык кызматынын аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, ошондой эле турак […]Читать далее