Тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн беш жылдык планы талкууланды

 Тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн беш жылдык планы талкууланды

Ош облусунда тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн беш жылдык планы талкууланды. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн маалымдашты.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен 2023-2027-жылдар тоолуу региондорду өнүктүрүүнүн беш жылдыгы деп жарыяланган.

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентинин “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттерди” ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Н.Айтмурзаев, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Илияз Ташбаев, райондук мамлекеттик администрация башчылары-акимдер жана айыл өкмөт башчылары катышты.

Бул стратегиянын максаты – тоолуу аймактардын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу, алардын экосистемаларын коргоо жана сактоо, ошондой эле бүтүндөй өлкөнүн экологиялык, экономикалык жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу. Аймакта климаттын туруктуулугун жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулууда.

Жыйындын жүрүшүндө тоолуу аймактарда жашаган калктын социалдык-экономикалык бакубаттуулугун жогорулатуу, ошол эле мезгилде жаратылыш, суу ресурстарын үнөмдүү жана туруктуу колдонуу аракеттери, мынадыгы жаралган көйгөйлөр талкууланды.

КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Илияз Ташбаев жыйындын бардык катышуучуларын бекитилген “Жол картасын” ишке ашырууга жигердүү катышууга чакырып, тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн беш жылдык планынын алкагында алдыга коюлган максаттарга жетүү үчүн биргелешкен аракеттердин зарылдыгын белгиледи.

Связанный пост