Ноокенде “Жашыл мурас” өнөктүгү жүрүүдө

 Ноокенде “Жашыл мурас” өнөктүгү жүрүүдө

Бүгүн Ноокен районунун Тоскоол Ата токой чарбасынын аянтына Кыргыз Республикасынын Президенти

Садыр Жапаровдун “2022-жылды Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгынын жана “Жашыл Мурас” улуттук өнөктүгүнүн негизинде райондук ишембилик уюштурулуп, 1000ден ашык бадам көчөттөрү отургузулду.

Иш-чарага КРнын ӨКМнин Токой кызматынын директору Станбек Исмаилов, Жалал-Абад облустук өзгөчө баалуу дарактар башкармалыгынын башчысы Автандил Кушбаков, Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Таалайбек Ишенбеков, шаар, айыл өкмөт, мекеме-ишкана жетекчилери жана кызматкерлери болуп 300дөн ашуун адам катышты.

Аким бул ишембилик Президенттин жарлыгын ишке ашыруу максатында уюштурулганын белгилеп, бак-дарактардын көчөттөрүн тигүү экологиялык туруктуулукту сактоо жана айлана чөйрөнү жашылдандырууга түрткү болоорун кошумчалады.

Связанный пост