Балыкчыда түндө катуу шамал катталды

 Балыкчыда түндө катуу шамал катталды

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында катуу шамал катталды, деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы.

 

Шамал 30-март түнү саат 01:50дө катталып, ылдамдыгы секундасына 24-28 метрге жеткен.

 

Жеринде ӨКМдин кызматкерлери тактоо иштерин жүргүзүүдө.

 

Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Связанный пост