Бүгүнкү күндө республиканын дыйкан жана фермерлери 128,6 миң га жер айдоо иштери жүргүзүлдү

 Бүгүнкү күндө республиканын дыйкан жана фермерлери 128,6 миң га жер айдоо иштери жүргүзүлдү

Жер айдоо иштерин эң алгачкылардан болуп Баткен облусунун Лейлек жана Кадамжай райондорунда, Ош облусунун Араван жана Кара-Суу райондорунда, Жалал-Абад облусунун Ноокен, Базар-Коргон жана Сузак райондорунда башталган.

 

Бүгүнкү күндө Баткен облусунун 5000 га аянты, Жалал-Абадда 13100 га, Ош облусунда 15500 га, Чүй облусунда 24700 га жана Талас облусунда 800 га аянт азоттук жер семирткичтер менен азыктандырылды.

 

Бүгүнкү күндө республиканын дыйкан жана фермерлери 128,6 миң га жер айдоо иштери жүргүзүлдү, ошондой эле кылкандуу дан өсүмдүктөрүн себүү иштери жогорку темпте жүрүүдө.

 

Буудай себүү иштери 27,4 миң га түзүп, планга карата 26,4% аткарылды. Ошол эле учурда буудай себүү Ош облусунда – 48,9 %, Жалал-Абад облусунда – 23,8 %, Баткен облусунда – 38,9%, Чүй облусунда – 47,4%, Талас облусунда – 0,8% жүргүзүлдү.

 

Арпа себүү иштери 51,4 миң га жүргүзүлүп, планга карата 22,2 %, аткарылды. Арпаны себүү иштери Ош облусунда – 44,5%, Баткенде – 66,9%, Таласта – 2,4%, Чүй облусунда – 24,8%, Жалал-Абадда – 37,9 % бүткөрүлдү.

 

Жашылча себүү иштери Ош облусунун Араван районунда, Жалал-Абад облусунун Ноокен, Сузак жана Базар-Коргон райондорунда, ошондой эле Чүй облусунда кызуу башталып, жалпы 1,8 миң га аянтка отургузулду.

 

Картошка отургузуу иштери жалпы республика боюнча 2,4 миң га аянтка жүргүзүлдү.

Связанный пост