Жалал-Абадда алма ширесин чыгаруучу завод ишке кирди
Ала-Бука районунда 11,5 млн долларлык алма концентратынан шире чыгаруучу завод ишке кирди.
Президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, “Глобал Эко Грин” ЖЧКсына таандык ишкана Падек айылында жайгашкан.
Ал суткасына 500 тоннага чейин алма концентратынан шире чыгарууга ылайыкталган. Завод толук кубаттуулукта иштегенде 100гө чейин жаңы жумуш орду түзүлөт.
Ачылышына катышкан президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев жаңы ишкана дыйкандардын продукциясын сатуудагы көйгөйлөрүн чечүүгө жана жергиликтүү продукцияны кайра иштетүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.