Таласта жаңы завод төө буурчакты кабыл алууда
Таласта төө буурчакты кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ишке кирип, жергиликтүү дыйкандар үчүн түшүмүн туруктуу баада сатууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Келишимдин алкагында завод жети жыл бою дыйкандардан төө буурчактын “Ак лопатка” сортунун килограммын 135 сомдон, ал эми “Томатный” сортун 100 сомдон кем эмес баада сатып алат.
1-7-ноябрда Бакай-Ата, Айтматов, Талас жана Манас райондорунан 1 тоннадан төө буурчак сатылып алынары белгиленди.