Ош шаарын айланып өтүүчү 32 чакырымдык жол курулат
Ош шаарында узундугу 32 чакырымды түзгөн түштүк айланма жол курулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн Ош шаарынын жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү максатында түштүк айланма жолун куруу долбоору боюнча кызматташуу меморандумуна кол коюлду.
Документке мэр Жанарбек Акаев, транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев жана “АВТОБАН” жол куруучу компаниясынын директору кол коюшту.
Долбоордун алкагында 32 чакырымдык заманбап автомобиль жолун, транспорттук жол түйүндөрүн, көпүрөлөрдү жана башка инженердик курулмаларды куруу пландалууда.
Белгиленгендей, аталган жол пайдаланууга берилсе, шаардын борбордук көчөлөрүндөгү транзиттик унаалардын агымы азайып, жол кыймылынын коопсуздугу жогорулайт. Ошондой эле айдоочулардын жол жүрүүгө кеткен убактысы кыскарат.