Айсулуу Тыныбекова Ислам оюндарында экинчи ирет алтын утту
![Айсулуу Тыныбекова Ислам оюндарында экинчи ирет алтын утту](https://eltr.kg/wp-content/uploads/2022/08/1604914401_tynybekova-1.730x0.jpg)
Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан Ислам шериктештиги оюндарында Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча алтын медалдын ээси болду.
Айсулуу Тыныбекова алгач эле 1/4 финалдан баштап, казакстандык спортчуну жеңген. Жарым финалда сенегалдык балбан кыз менен беттешип, 10:0 эсебинде жеңип, финалга жолдомо алган.
Ал эми финалдык беттеште гвинеялык спортчу менен кез келип, 11:0 эсебинде жеңишти камсыздады.
Белгилей кетсек, Айсулуу Тыныбекова 2017-жылы Ислам оюндарында алтын байгеге ээ болгон.