Президент Садыр Жапаров 27-ноябрда иш сапары менен Казакстандын Астана шаарына келди. Мамлекет башчысынын борту Астанадагы эл аралык аэропортко конду. Президент Садыр Жапаровду Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов жана башка расмий адамдар тосуп алышты. Аэропорттун флагштокторуна Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишими Уюмуна (ЖККУ) кирген мамлекеттердин желектери илинди, килем төшөлүп, Ардак кароолдун ротасы тизилди. Иш сапардын алкагында президент Садыр […]Читать далее
Президент Садыр Жапаровдун 25-27-ноябрда Германияга болгон расмий сапары аяктады. Сапардын алкагында 26-ноябрда Берлинде президент Садыр Жапаровдун Германиянын Федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен расмий жолугушуу аземи болуп өттү. Аземден кийин мамлекет башчылары чакан жана кеңейтилген форматтарда сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, эки тараптуу кызматташтыктын кеңири маселелерин жана аны андан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Эки өлкөнүн лидерлери туруктуу өнүгүүнү бекемдөөгө […]Читать далее
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 26-ноябрдан 27-ноябрга караган түнү өлкө аймагында жол коопсуздугу жаатында рейд өткөрүлдү. Башкармалыктын маалыматына ылайык, рейд учурунда жол эрежелерин одоно бузган 3 миң 52 айдоочу аныкталды. Анын ичинен: мас абалында унаа башкарган 47 айдоочу; тийиштүү докумменттери жок унаа башкарган 140 айдоочу; ылдамдыкты ашырып айдаган 466 айдоочу; каршы тилкеге чыгып […]Читать далее
Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, бүгүн саат 18:18де Кыргыз Республикасынын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда күчү 3,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Ош облусунун Араван районунун Жаңы-Араван жана Араван айылдарында 3 баллга (Жаңы-Араван айылынан 3 чакырым түндүк батышка, Араван айылынан 6 чакырым түштүк чыгышта, Ош шаарынан 22 чакырым түштүк батышта) чейин сезилген. Алдын […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров Берлинде “Airbus Europe” компаниясынын Президенти Йохан Пелиссье менен жолугушту. Баарлашуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысы Кыргызстандын “Airbus” менен өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүүгө даярдыгын билдирип, дүйнөлүк авиация тармагында багыт берген компаниянын технология жана стандарттарынын жогорку деңгээлин белгиледи. Садыр Жапаров авиация тармагын өнүктүрүү Кыргызстан үчүн негизги приоритеттердин бири экенин баса белгиледи. Ал буга чейин ишке ашырылган долбоорлордун, […]Читать далее
Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралып, экинчи жана үчүнчү окууда колдоого ээ болду. Бул тууралуу КР Жогорку Кеңешинин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү маалымдады. Мыйзам долбоору мектепте акысыз билим алуу укугун камсыз кылууга, мыйзамсыз акча […]Читать далее
2024-жылдын январь-сентябрь айларында Кыргызстандын ички дүң продукциясы (ИДП) 951,8 миллиард сомду түздү. Бул көрсөткүч 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8,4%га көп. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти. Өлкөнүн экономикасында кызмат көрсөтүү тармагы үстөмдүк кылууну улантып, жалпы ИДПнын 49,3%ын түзөт. Бирок бул тармактын үлүшү 2023-жылга салыштырмалуу азайып, 49,8%ды түзгөн. Ал эми, өнөр жай менен курулуштун салымы 21,6%дан […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров Берлин шаарына жасаган расмий сапарынын алкагында германиялык компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушту. Мамлекет башчысы жолугушуудагы германиялык бизнес-компаниялардын кеңири өкүлчүлүгүн канааттануу менен белгиледи, алардын арасында Кыргызстанда иштеп жаткан компаниялардын жетекчилери да, Кыргызстан менен кызматташуу мүмкүнчүлүгүн караган компаниялар да болду. Садыр Жапаров акыркы 2 жылда үч кыргыз-герман бизнес-форуму, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы […]Читать далее
Ош облусунун аймагында бүгүн саат 14:56да жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн күчү очогунда 3 баллга жеткен. Жер титирөө Алай районунун Кара-Киндик айылынан түштүк-чыгышка карай 10 чакырым, Сары-Таш айылынан түндүк-чыгышка карай 23 чакырым, Бор-Дөбө айылынан түштүк-чыгышка карай 105 чакырым аралыкта жайгашып, анын күчү Кара-Киндик, […]Читать далее
Министрлер кабинетинин буйругуна ылайык, “Евразия” автономиялык коммерциялык эмес уюмунан белекке берилген 100 автобус алыскы аймактардагы мектептерге таратылды. Улуттук инвестиция агенттигинин басма сөз кызматы билдиргендей, автобустар бүгүнкү күндө мектептерде колдонулууда. УИА эки жуманын ичинде жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери менен баланска өткөрүү боюнча жигердүү иштерди жүргүздү. Белгилей кетсек, мектеп автобустары алыскы […]Читать далее