Кыргызстандын элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев Россиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Н.Булаев баштаган жетекчилери менен жолукту. Элчиликтен билдиришкендей, жолугушууда Россиянын аймагында Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону уюштуруу маселелери талкууланды. Жолугушууда элчи Бөкөнтаев Россиянын 31 шаарында 40 шайлоо участкасын ачуу боюнча уюштуруу маселелерин талкуулады. Ошондой эле РФ Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчилиги тарабынан уюштурулган видеоконференция […]Читать далее
Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу долбоорунун алкагында 66 субъекке 8,47 млн сом суммасында жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында 28-апрелде министрлер кабинетинин Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу боюнча жеңилдетилген каржылоо-3 долбоору бекитилген. Аталган долбоорду ишке ашырууга “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ачык акционердик коомдору катышкан. […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө соода-экономикалык, энергетика жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды. Тараптар Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы деңгээлине дагы токтолушту. Данияр Амангелдиев менен Сергей Вакунов кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын Бишкекте өтө турган кезектеги жыйынына кылдат […]Читать далее
Бишкек шаарындагы ЖЭБде атмосферага бөлүнгөн күкүрт диоксидин (SO₂) кыйла азайтууга багытталган заманбап экологиялык жабдуу — күкүрт тазалоо системасы ишке киргизилди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти Маалыматка караганда, модернизацияланган энергия блокторундагы күкүрт тазалоо жабдуусу 2019-жылга чейин Кытайдын TBEA компаниясынын адистеринин көзөмөлүндө иштеп келген. Кийинчерээк квалификациялуу кадрлардын жетишсиздигинен жана гипс камтыган шламды сатып алуучулардын жоктугунан улам система токтотулган. […]Читать далее
2-октябрга карата “Бириккен товар өндүрүүчүлөрүн каржылоо” долбоорунун алкагында республика боюнча 79 млн 200 миң сом жеңилдетилген насыя берилди. Финансы министрлигинен билдиришкендей, жеңилдетилген насыяны 12 субъект алды. Долбоорду ишке ашырууга “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ААКтар катышууда жана каржылоонун жалпы көлөмү 2 млрд 200 млн сомду түзөт. Долбоор министрлер кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы тескемеси менен бекитилген жана […]Читать далее
“Кепилдик фонд” ААК 2025-жылдын январь-сентябрь айларындагы ишинин жыйынтыгын чыгарды. Фонддун маалыматы боюнча, жыл башынан жалпы суммасы 2,44 млрд сомду түзгөн 1 миң 95 кепилдик берилип, ишкерлерге өнөктөш коммерциялык банктардан 8,52 млрд сом насыя тартууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Кепилдиктердин эң көп саны айыл чарбасын өнүктүрүүгө берилген – 681 кепилдик (62%). Кепилдиктердин олуттуу үлүшү ошондой эле соода (15%), […]Читать далее
Бүгүн Бишкек шаарында Коопсуздук кеңешинин катчысы Бактыбек Бекболотовдун төрагалыгы алдында Борбор Азия жана Индия форматындагы коопсуздук кеңештеринин катчыларынын/улуттук коопсуздук боюнча кеңешчинин үчүнчү жолугушуусу өттү. Бул көп тараптуу формат тынчтыктын жана туруктуулукту чыңдоонун кызыкчылыгында кеңири аймактык өз ара аракеттенүүнүн уландысы болуп саналат, ошондой эле коопсуздуктун негизги маселелери боюнча пикир алмашуу үчүн уникалдуу аянтча катары кызмат кылат. […]Читать далее
Чүй, Талас жана Ош облустары “Кепилдик фонду” ААКтын кепилдиктеринин көлөмү боюнча эң көп алышкан. Бул тууралуу аталган фонддун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, 2025-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча Чүй облусу “Кепилдик фонд” ААК тарабынан берилген кепилдиктердин көлөмү боюнча лидер болгон. Берилген кепилдиктердин жалпы көлөмүнүн 46 пайызын, башкача айтканда 1,12 млрд сомду түзгөн. Экинчи орунда […]Читать далее
Сокулук районундагы социалдык-инфраструктуралык объектилер мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Атайын кызмат тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө “Шопоков” айыл чарба кооперативинин төрагасы З.У. тарабынан социалдык-инфраструктуралык объектилер мыйзамсыз менчиктештирилгени аныкталган. Маалыматка ылайык, Гавриловка айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы токтомунун негизинде аянты 4,4 гектарды түзгөн көлмө сугат ирригациялык курулушу “Шопоков” АЧКсына бекитилип берилгени аныкталган. Бул чечим мыйзамсыз, анткени ал КР […]Читать далее
Ошто Кытайдан келген дарыгерлер бейтаптардын көзүнө акысыз операция жасоодо. Облустук өкүлчүлүктөн билдиришкендей, операциялар Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасында “Экспресс ден соолук – жаркын саякат” долбоорунун алкагында катаракта жана глаукома оорулары менен жабыркаган бейтаптарга жасалып жатат. Долбоорго ылайык, 11-23-октябрь күндөрү 300гө жакын операция жасоо пландалууда. Дагы 50дөй бейтап глаукомасын дарылатат. Бул кытайлык дарыгерлердин Ош облусуна […]Читать далее