Экономика

Кыргызстандын айыл чарба продукциялары 80дей мамлекетке экпорттолууда

Кыргызстанда чыгарылган айыл чарба продукцияларынын 60тай түрү 80дей мамлекетке экпорттолууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев парламенттин жыйынында жазгы талаа жана чарбалык жумуштарды өткөрүүгө карата даярдык жүрүшү жөнүндө маалымат берип жатып билдирди. Анын айтымында, өлкөдөгү 425 ишкана ЕАЭБ өлкөлөрүнө айыл чарба […]Читать далее

Коом

Социалдык келишимдин суммасын 150 миң сомго жеткирүү пландалууда

Жакыр жашаган жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө “Социалдык келишим” программасы менен берилүүчү каражаттын суммасын 150 миң сомго чейин көбөйтүү пландалып жатканын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов парламенттин бүгүнкү жыйынында билдирди. Анын айтымында, 2024-жылы социалдык келишим боюнча 23 миң үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилген. Мындан тышкары, аталган программаны ийгиликтүү ишке ашырган үй-бүлөлөр мамлекеттик банктардан […]Читать далее

Аймак

Бостеридеги пляж реконструкцияланат

Ысык-Көл районунун Бостери айылында муниципалдык пляжды реконструкциялоо иштери башталды. Оңдоо иштерине Аймактарды өнүктүрүү фондунан 35 миллион 85 миң 528 сом бөлүнгөн. Пляждын жалпы аянты 4,5 гектарды түзөт. Бөлүнгөн каражатка тротуар, велосипед жана чуркоо жолдорун куруу, аймакты көрктөндүрүү пландалууда. Ошондой эле эки ажаткана, үч медициналык пункт, куткаруучулар үчүн пост, сырткы душ курулуп, пляжга кол чатырларды, отургучтарды, […]Читать далее

Министрлер кабинети

Адылбек Касымалиев Беларустун премьер-министри Турчинди кызматка дайындалышы менен куттуктады

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Беларустун премьер-министри Александр Турчинге жогорку кызматка дайындалгандыгына байланыштуу куттуктоо катын жөнөттү. “Сиздин мамлекеттик кызматтагы көп жылдык тажрыйбаңыз жана жогорку кесипкөйлүгүңүз Беларусь Өкмөтүнүн элдин жыргалчылыгы жана мамлекеттин гүлдөп өсүшү үчүн ийгиликтүү иштешине өбөлгө түзөт деп ишенем. Сизди эки тараптуу форматта, ошондой эле аймактык жана эл аралык уюмдардын алкагында кыргыз-беларусь достук жана […]Читать далее

Ден соолук

Травматология жана ортопедия улуттук борборун курууга 3 млрд сом бөлүндү

Травматология жана ортопедия улуттук борборун курууга 3 млрд сом бөлүндү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Анын айтымында, бул каражат президенттик фонддон берилет. “Бул борбор республикалык, керек болсо регионалдык масштабдагы заманбап ортопедиялык борбор болот. Ошондой эле Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттан тышкары дагы […]Читать далее

Коом

Ноокенде мыйзамсыз сакталган 6 тоннага жакын күйүүчү май аныкталды

Салыктык рейддин жүрүшүндө керектүү коштоочу жана уруксат берүүчү документтери жок күйүүчү май сактоо фактысы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Текшерүүнүн жыйынтыгында Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун аймагында мыйзамсыз күйүүчү-майлоочу материалдарды сактоочу жайлар — май куюучу жай жана жеке үйдүн короосундагы кампа табылган. Бул объектилерде тийиштүү уруксат документтери жок 6 тоннага жакын (5 872 литр) […]Читать далее

Билим

2025-жылы мектептерди окуу китептери менен камсыздоого 744 млн сом каралды

2025-жылы мектептерди окуу китептери менен камсыздоого 744 млн сом каралды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Ал белгилегендей, 2024-жылы 738 миң 670 нуска китеп басылып чыкты. Бул үчүн 304 млн сом бөлүнгөн. “Буга чейин окуу китептери менен камсыздоого 50 млн, 100 млн сом эле берилчү. Быйыл болсо республикалык […]Читать далее

Экономика

Быйыл бала бакчаларды каржылоого 408 млн сом бөлүнөт

Быйыл бала бакчаларды каржылоого 408 млн сом бөлүнөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Анын айтымында, 2024-жылы жаңы бала бакчалардын кызматкерлеринин айлык акысын төлөө үчүн 425 млн сом бөлүнүп, жергиликтүү бюджеттер аркылуу каржыланууда. “2025-жылы дагы 408 млн сом бала бакчалардын каржылоосуна багытталат”, – деди ал. Ошондой эле Эдил […]Читать далее

Экономика

2025-жылдын январь-февралында ички дүӊ продукттун өсүүсү камсыздалды

Ички дүң продукт (ИДП) алдын-ала баалоо боюнча 2025-жылдын январь-февралында өткөн жылдын январь-февралына салыштырмалуу 10,7% жогорулоо менен 205,5 млрд. сомду түздү. ИДПнын өсүшү товардык өндүрүш, кызмат көрсөтүүчү тармактары жана продукттарга таза салыктар тарабынан камсыздалды. Муну менен бирге, товардык өндүрүш тармактарынын өсүү темпи мурунку жылдын январь-февралына салыштырмалуу 11,8%, кызмат көрсөтүүчү тармактардын өсүү темпи 10,1% , ал эми продукттарга болгон […]Читать далее

Коом

Бишкекте 4 миң милиционер коомдук коопсуздукту камсыздайт

Бишкекке 12-13 мартта Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон мамлекеттик сапар менен келет. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, бул күндөрү коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында 4 миң милиция кызматкери тартылат. Милиция күчөтүлгөн тартипте иш алып барат. Ошондой эле шаардын айрым райондорунда маал-маалы менен унаа кыймылына чектөө киргизилет. Бишкек ШИИББи шаар тургундарын жана […]Читать далее