Аймак

ӨКМдин Чүй облустук башкармалыгына 10 млн сомдук жабдуулар тапшырылды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чүй облустук башкармалыгына 10 млн сомдон ашуун суммага атайын жабдууларды алынды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, автоунаа жана тиешелүү техникаларды өткөрүп берүү аземине президенттин өкүлү Канат Жумагазиев жана өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев катышты. Техникалык жардамдардын арасында “Нива” автоунаасы, мобилдик жылытуу казандары, үйлөмө кайыктар, авариялык жарыктандыруу үчүн жабдуулар, куткаруучу […]Читать далее

Өкмөт

Акылбек Жапаров агроөнөр жай секторунун өкүлдөрү менен актуалдуу маселелерди талкуулады

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Агродиалог-2024” агрофорумуна катышты. Иш-чаранын алкагында өлкөдө айыл чарбасын өнүктүрүүнүн негизги аспектилери, инновациялык технологияларды киргизүү, айыл чарба продукциясынын өндүрүмдүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу, агрардык сектордо туруктуу практикаларды өнүктүрүү жана башка актуалдуу маселелер талкууланды. Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров өкмөт айыл чарба тармагын туруктуу өнүктүрүү жана бекемдөө, атамекендик айыл чарба продукциясын сатуу рыногун […]Читать далее

Коом

«Бишкекжашылчарба» жана «Бишкексуучарба» ишканалары бириктирилди

«Бишкекжашылчарба» жана «Бишкексуучарба» муниципалдык ишканалары бириктирилип, оптималдаштырылды. Мунииципалитеттен билдиришкендей, эки ишкана бириктирилип, «Бишкекжашылкурулуш» муниципалдык ишканасы түзүлдү. Аталган ишканага буга чейин «Бишкексуучарбаны» жетектеген Болотбек Одракаев директор болуп дайындалды. Белгилей кетсек, учурда Бишкек шаарында конкреттүү жыйынтыкка жетүү максатында мэриянын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана муниципалдык ишканаларынын түзүмү кайра каралып жатат.Читать далее

Коом

Кыргызстан 21 млн сомго кызамыкка каршы 264,5 миң доза вакцина

28-февраль саат 11:00дө Республикалык иммунопрофилактика борбору кызамыкка каршы 264 миң 500 доза вакцина алат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бул үчүн мамлекеттик бюджеттен 21 млн сом бөлүнгөн. Республикалык иммунопрофилактика борборуна вакциналарды өткөрүп берүү иш-чарасына КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева жана ЮНИСЕФтин өкүлдөрү катышат. Белгиленгендей, кызамык оорусуна каршы эмдөө өнөктүгүнүн […]Читать далее

Экономика

Ош шаарынын быйылкы бюджети дээрлик 3 млрд сом деп болжолдонууда

Бүгүн Ош шаарынын мэриясында 2024-жылдын бюджетинин долбоору боюнча коомдук угуу өттү. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, коомдук угууда Финансы министрлигинин Ош финансы башкармалыгынын башчысы К.Абдыкадыров Ош шаарынын 2024-жылга бюджетинин долбоору боюнча кенен маалымат берди. Андан кийин “Юз оф Ош” коомдук бирикмесинин жетекчиси А. Сатинбаева жарандык коомдун өкүлдөрүнүн атынан бюджеттин долбоорун бекитүү […]Читать далее

Жогорку Кеңеш

Кыргызстан менен Монголия парламенттер аралык байланышын өнүктүрөт

Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев менен Монголиянын Улуу Мамлекеттик Хуралынын төрагасы Гомбожавын Занданшатар эки өлкөнүн парламенттер аралык байланышын өнүктүрүүгө багытталган меморандумга кол коюшту. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришкендей, меморандумда Кыргызстандын Жогорку Кеңеши менен Монголиянын Улуу Мамлекеттик Хуралынын ортосунда кызматташуу боюнча комиссияны түзүү маселеси камтылып, ар тараптуу алакаларды арттырууга багытталган ченемдер киргизилген. Анын ичинен […]Читать далее

Жогорку Кеңеш

Монголия парламентинин төрагасы Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү менен таанышты

Бүгүн, 27-февралда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин коштоосунда Монголиянын Улуу Мамлекеттик Хуралынын Төрагасы Гомбожавын Занданшатар кыргыз парламентинин ишмердүүлүгү менен таанышты. Ардактуу коноктор Жогорку Кеңештин жыйындары өтчү залды көрүп, отурумдардын жүрүшү боюнча маалымат алышты. Төрага Нурланбек Шакиев 85 жылдык тарыхка ээ кыргыз парламенти тууралуу сөз кылып, башкы мыйзам чыгаруу органынын ишиндеги өзгөчөлүктөр жөнүндө айтып берди. Белгилей […]Читать далее

Жогорку Кеңеш

Гомбожавын Занданшатар «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине барды

Бүгүн, 27-февралда Монголиянын Улуу Мамлекеттик Хуралынын төрагасы Гомбожавын Занданшатардын Кыргызстандагы расмий иш сапары башталды. Парламенттен билдиришкендей, алгач Гомбожавын Занданшатар баштаган монгол парламентинин делегациясы «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинен барып, 1916-жылдагы каргашалуу окуяларда курман болгондорго арналып тургузулган эстеликке гүл койду. Кошумчалай кетсек, ардактуу конокторду Монголия менен кызматташтык боюнча депутаттык достук тобуну жетекчиси Улан Бакасов коштоп барды.Читать далее

Коом

Бишкекте жана Чүй облусунда бир түн ичинде 30 мас айдоочу

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Атайын адистештирилген ротасы Бишкек шаары жана Чүй облусунун аймагында  жол унаа кырсыктарынын алдын алуу максатында өткөрүлгөн “Бахус” рейддик иш-чаранын алкагында бир күндө 30 мас абалында унаа башкарган айдоочуларды кармады. Бул  “Бахус” аталышындагы рейддие иш-чара айдын аягына чейин уланат. Эскерте кетсек бул мас айдоочулар Кыргыз Республикасынын Укук бузуу кодексине ылайык, […]Читать далее

Аймак

Ысык-Көлдө туристтердин коопсуздугун камсыздоо боюнча чукул жыйын өттү

Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн орун басары Айнура Султанбаева туристтердин жана эс алуучулардын коопсуздугун камсыздоо боюнча чукул жыйын өткөрдү. Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жыйында Султанбаева аймактагы акыркы окуялар боюнча тынчсыздануусун билдирди. Тактап айтканда, Каракол тоо лыжа базасында жолдун тайгактыгынан кырсык болуп, анын кесепетинен унаалар жабыркаган. Мындан тышкары, Ак-Суу районунун Шахты-Жыргалаң аймагында төрт чет элдик турист кар көчкү алдында […]Читать далее