Коом

Кыргызстандын аймагында бир катар унаа жолдорго чектөө киргизилди

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы өлкө аймагында жабык болгон унаа жолдор тууралуу маалымат берди. Башкармалыктын маалыматына ылайык, учурда кар жаап, аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнөн улам өлкө аймагындагы төмөнкү унаа жолдоруна чектөөлөр киргизилген: – Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 45-чакырымдан тартып, 130-чакырымы; – Каракол – Эңилчек унаа жолунун 82-чакырымынан тартып, 95-чакырымына чейин жол […]Читать далее

Коом

Кыргызстанда “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча 45 борбор кызмат көрсөтүүдө

Кыргызстанда “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча мамлекеттик кызмат көрсөткөн 45 борбор иштеп жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бул борборлордо жарандар сураган документтерди жана маалымат каттарды убагында берүү жана башка мамлекеттик кызматтар көрсөтүлөт. Белгиленгендей, акыркы үч жыл ичинде республика боюнча жарандарга 1,5 млн маалым кат, 28 миң 151 апостилдештирилген маалым кат берилген. “Министрлер […]Читать далее

Коом

Бишкек ЖЭБи 310 МВт жүктөмдү активдүү көтөрүүдө – Энергетика министрлиги

Бүгүн, 21-февралда саат 09:00гө карата Бишкек шаардык Жылуулук электр борбору 310 МВт жүктөмдү активдүү көтөрүп жатат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, сырттагы абанын температурасы төмөндөгөнүнө байланыштуу, Бишкек ЖЭБинин активдүү кубаттуулугу “Бишкекжылуулуктармагына” берилген ысык суунун температурасы орто эсеп менен +61 градусту түзүүдө. “Учурда ЖЭБдеги жүктөмдүн активдүүгү акырындык менен көтөрүлүүдө. Натыйжада берилген ысык суунун температурасы […]Читать далее

Коом

Мектепке чейинки билим берүү кызматын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды азайтуу боюнча жыйын

Кыргыз Республикасынын балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чыныбаева Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашырууну тездетүү боюнча багыттоочу кеңешме өткөрдү. Жолугушуунун максаты – «Кыргыз Республикасында мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды азайтуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу» боюнча «Мамлекеттик акселераторлор» программасын кеңейтүү. Кеңешме ведомстволор аралык жумушчу […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров Татарстанга барды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 20-февралда, Россия Федерациясына иш сапарынын алкагында Татарстан Республикасына келди. Мамлекет башчысынын борту Казань шаарындагы Г. Тукай атындагы эл аралык аэропортуна конду. Президент Садыр Жапаровду Татарстан Республикасынын Башчысы Рустам Минниханов жана башка расмий адамдар тосуп алышты. Эске сала кетсек, Садыр Жапаров «Келечек оюндары» эл аралык спорттук мелдештеринин расмий ачылыш аземине […]Читать далее

Президент

ЕАЭБ алкагында айыл чарба продукциясына кампа күбөлүктөрүн берүү, жоюу эрежелери

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2023-жылдын 31-июлунда Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагында айыл чарба продукциясына кампа күбөлүктөрүн чыгаруу (берүү), жүгүртүү жана жоюу эрежелери жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзамдын максаты 31-июлунда 2023-жылдын Москва шаарында кол коюлган Айыл чарба продукциясына кампа күбөлүктөрүн Евразия экономикалык бирлигинин алкагында чыгаруу (берүү), жүгүртүү […]Читать далее

Президент

“Жол фонду жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2024-жылдын 25-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган “Жол фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам аны Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 334, 336-беренелерине ылайык келтирүү максатында жана каражаттарды топтоо, өлкөнүн автомобиль жолдорун курууну, күтүүнү, оңдоону, реконструкциялоону жана техникалык өнүктүрүүнү каржылоо боюнча милдеттерди […]Читать далее

Өкмөт

Жеке менчик саламаттык сактоо уюмдарынын ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча жумушчу топ

Кыргызстандын жарандарына сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүү максатында жеке менчик саламаттык сактоо уюмдарынын ишмердигине аудит жүргүзүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлдү. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Ведомстволор аралык жумушчу топко эки айдын аралыгында, Кыргызстандын аймагында жеке менчик саламаттык сактоо уюмдарынын ишин текшерет жана анын жыйынтыгы боюнча президенттин администрациясынын жетекчилигинин кароосуна алардын […]Читать далее

Коом

Айыл чарба министри Кореянын элчиси менен кызматташтыкты талкуулады

Бүгүн, 20-февралда суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүнүн алкагында Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вон Джэ менен жолукту. Ведомстводон билдиришкендей, жолугушууга айыл чарба тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууда министрлик менен тыгыз кызматташып жаткан Корея эл аралык агенттиги (KOICA) жана Кореянын эл аралык […]Читать далее

Өкмөт

Улуттук фтизиатрия борбору жөнүндө жобо бекитилди

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борбору жөнүндө жобо бекитилди. Тиешелүү токтомго саламаттык сактоо системасындагы илимий ишмердүүлүктү өркүндөтүү максатында КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Борбор жогорку технологиялык жабдууларды, илимдин алдыңкы жетишкендиктерин пайдалануу менен фтизиатрия тармагында адистештирилген саламаттыкты сактоону камсыз кылуучу, жогорку квалификациялуу медициналык кадрларды тартуу жана дарылоо-профилактикалык, агартуучулук иш-чараларды жүргүзүүчү жогорку деңгээлдеги […]Читать далее