“Жол фонду жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

 “Жол фонду жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2024-жылдын 25-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган “Жол фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам аны Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 334, 336-беренелерине ылайык келтирүү максатында жана каражаттарды топтоо, өлкөнүн автомобиль жолдорун курууну, күтүүнү, оңдоону, реконструкциялоону жана техникалык өнүктүрүүнү каржылоо боюнча милдеттерди аткаруу максатында даярдалган.

Мыйзамга ылайык, Жол фондунун каражаттары анын ичинде автомобиль отуну катары пайдаланылуучу суюлтулган көмүрсуутек газына (СКГ) акциз салыгынын элүү пайыздан кем эмеси эсебинен түзүлөт.

Связанный пост