Социалдык фонд эми пенсиянын топтомо бөлүгүн алтынга инвестициялай алат

 Социалдык фонд эми пенсиянын топтомо бөлүгүн алтынга инвестициялай алат

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

 

Мыйзам 2024-жылдын 3-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

 

Бул Мыйзамдын максаты инвестициялык портфелдин түзүмүн кеңейтүү аркылуу пенсиялык топтоо каражаттарынын өсүшүн жана сактыгын камсыз кылуу үчүн финансылык инструменттердин тизмегин кеңейтүү болуп саналат.

 

Пенсиялык топтоо инвестициялардын булагы катары узак мөөнөттүү экендигин эске алуу менен аларды баалуу металлдар (алтын, күмүш, платина) жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын баалуу кагаздары сыяктуу активдерге инвестициялоо Мыйзам менен каралат.

 

Мыйзам ошондой эле Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун каражаттарынын эсебинен Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун финансылык туруктуулугун камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун резервдик фондун түзүү милдетин да карайт.

Связанный пост