Спорт

Аргентина футбол боюнча дүйнө чемпиону болду

Аргентинанын курамасы футбол боюнча дүйнө чемпиону болду. Катарда өткөн чемпионаттын финалында Франция менен Аргентинанын командалары беттешти. Оюндун негизги бөлүгү 3:3 менен аяктады. Андыктан 11 метрлик соккулар белгиленди. Жыйынтыгында 4:2 эсебинде Аргентина курамасы чемпион аталды. Эскерте кетсек, 2018-жыл өткөн дүйнө чемпионатын Франциянын курамасы жеңген.Читать далее

Коом

Азиз Мурадиллаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты 19-декабрда өтөт

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадиллаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 19-декабарда саат 11:00дө Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, маркумдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, актёр Азиз Мурадиллаев оорудан улам […]Читать далее

Саясат

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Катарга барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-декабрда, Катардын Эмири шейх Тамим бен Хамад Аль Танинин чакыруусу менен Катар Мамлекетине иш​ сапары менен барды. ​ Мамлекет башчысынын учагы Доха шаарындагы ​ «Хамад Интернешнл» эл​ аралык аэропортуна конду. ​ Килем төшөлүп, ардак кароол тизилген. ​ Президент Садыр Жапаровду траптан Катардын спорт жана жаштар министри Салах бин Ганим Аль Али […]Читать далее

Саясат

Президент Мамлекеттик гимндин 30 жылдыгы менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров, бүгүн, 18-д­екабрьда, кыргызстан­дыктарды өлкөнүн Мам­лекеттик гимнинин 30 жылдыгы менен кутту­ктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосу:​ “Урматтуу мекендеште­р! Кадырлуу калайык-кал­к! Өз алдынча эгемендүү өлкө болуп, эркинди­кке кулач жайып, дем­ократия жолуна түшкө­нү мамлекетибиздин символикалык белгилер­ин кабыл алып, келеч­екке жол алганбыз. Мына бүгүн ошол ыйык белгилерибиздин бири болгон Мамлекеттик гимнибизге 30 жылдын жүзү болуп олтурат. Бардыгыңыздарды жаңы­рса […]Читать далее

Саясат

Садыр Жапа­ров Мигранттардын эл аралык күнүнө карата кайрылуу жолдоду

Президент Садыр Жапаров, бүгүн, 18-декабрьда, Мигранттардын эл аралык күнүнө карата кайрылуу жолдоду. Мамлекет башчысынын кайрылуусу:​ “Урматтуу кыргызстандыктар! Журт тышында иштеп жүргөн ардактуу мекендештер!​ Дүйнөлүк мейкиндиктеги миллиондогон эмгек миграциясы – жокко чыгарууга болбой турган, калыптанып калган көрүнүш. Ошентсе да, мигранттардын укуктук абалын жакшыртуунун үстүндө дайыма ырааттуу иш жүрүп турушу абзел. Эл эмгек миграциясынын агымы менен барган […]Читать далее

Коом

Жаңы жылдык эс алуу күндөрү расмий жарыяланды

2023-жылдын 1-январынан 8-январына чейин өлкөдө жаңы жылдык эс алуу күндөрү жарыяланды. Тиешелүү чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйынында кабыл алынды. Бул чечим дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында кабыл алынган. Мындан улам жана Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин ​ ​ ​ 113-беренесине ылайык төмөндөгүдөй чечим кабыл алынды: Беш күндүк иш жуманын графиги […]Читать далее

Коом

Азиздер жана дүлөйлөр коому үчүн коммуналдык кызматтарга 50% жеңилдик белгиленди

Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун ишканалары, мекемелери жана уюмдары үчүн республикалык бюджеттин эсебинен суу менен камсыздоо, канализация, коммуналдык кызматтар жана газ үчүн төлөмдөрдү төлөөдө 50 пайыздык жеңилдик белгиленди. Тиешелүү чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйынында кабыл алынды.​ Мындай чечим Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун угуусу жана көрүүсү боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында […]Читать далее

Саясат

«Келечек булагы» туруктуу пенсиялык системасынын стратегиясы бекитилди

«Келечек булагы» туруктуу пенсиялык системасынын стратегиясы бекитилди. Тиешелүү чечим Министрлер Кабинетинин жыйынында кабыл алынды. Документ мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу, КР Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 «2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан. Мындан улам жана «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» КР конституциялык Мыйзамынын […]Читать далее

Саясат

Биржалык тооруктарда баалуу металлдарды сатуунун тартиби жөнүндөгү Жобо бекитилди

Кыргыз Республикасынын Баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик фондунун баалуу металлдарын биржалык тооруктарда сатуунун тартиби жөнүндөгү Жобосу бекитилди. Тиешелүү чечим Министрлер Кабинетинин жыйынында кабыл алынды. Мындай чечим баалуу металлдар рыногун өнүктүрүү жана баалуу металлдарды сатуу механизмин өркүндөтүү максатында кабыл алынды. Баалуу металлдарды сатуунун тартиби жөнүндөгү Жобо Кыргыз Республикасынын Баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик фондунун […]Читать далее

Маданият

КР эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадиллаев көз жумду

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, актёр Азиз Мурадиллаев көз жумду. Бул тууралуу коомдук ишмер Ассоль Молдокматова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды. “Азиз Мурадиллаев дүйнө салды. Бул тууралуу анын жубайы Элвира билдирди. Азиздин акыркы тилеги анын сөөгүн Ала-Арча көрүстөнүнө коюу болуптур. Мен бул боюнча президент Садыр Жапаровго кайрылам. Анткени Ала-Арча көрүстөнүнө Элдик наамы бар гана адамдары […]Читать далее