Кыргызстанда азык-түлүктөрдүн кору жетиштүү. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди. КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунда буудайдын, ундун, өсүмдүк майынын жана кумшекердин кору жетиштүү. “Азык-түлүк коопсуздугу дагы мамлекеттик коопсуздуктун негизине кирет. Муну эске алуу менен азык-түлүккө болгон кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотуу маселеси каралууда”, – деди Бакыт Төрөбаев. […]Читать далее
Өнүктүрүү фонддордун жана мамлекеттик банктардын жетекчилери бизнес чөйрөнү өнүктүрүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө активдүү катышууга милдеттүү. Бул тууралуу КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү институттарынын Координациялык кеңешинин кезектеги жыйынында билдирди. Бакыт Төрөбаев Координациялык кеңештин жыйындары жаңы бизнес долбоорлорду иштеп чыгуу жана издөө мүмкүнчүлүгү катары эмес, Министрлер Кабинетинин жумушчу жыйынын […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-декабрда, Санкт-Петербург шаарында (Россия Федерациясы) Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин өлкө лидерлеринин бейформал жолугушуусуна катышты. Б.Ельцин атындагы президенттик китепканада өз ара саламдашуудан жана биргелешип сүрөткө түшүүдөн кийин, өлкө лидерлери бейформал жолугушуу залына өтүштү. Россиянын Президенти Владимир Путин саламдашуу сөзүндө өлкө башчылары чакырууну кабыл алып, Санкт-Петербургга жаңы жыл алдындагы салттуу бейформал жолугушууга келгени […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-декабрда, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин өлкө лидерлеринин бейформал жолугушуусуна катышуу үчүн Санкт-Петербург шаарына (Россия Федерациясы) жумушчу сапары менен учуп барды. Мамлекет башчынын учагы “Пулково” эл аралык аэропортуна конду. КМШ өлкөлөрүнүн лидерлеринин салттуу бейформал жолугушуусу Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин демилгеси менен жыл сайын Санкт-Петербург шаарында өткөрүлөт. Белгилей кетсек, бул иш-чарага Азербайжандын […]Читать далее
Борбор калаада “Алыш” бел боо күрөшү эркин стили боюнча эркектер жана аялдар арасында Бишкек шаарынын Чемпионаты, уландар жана кыздар арасында Бишкек шаарынын биринчилиги өттү. Мелдеш Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайынын концерттик залында өттү. Аларга Бишкек шаарындагы спорт клубдарынан 133төн ашык спортчу катышты. Бишкек шаарынын биринчилиги жана Чемпионаты төмөнкү салмакта өттү: – эркектер (18 жаш […]Читать далее
Кыргызстанда быйыл биринчи жолу жогорку окуу жайларга (ЖОЖ) кышкы кабыл алуу жүрүүдө. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, 2022-2023-окуу жылына карата тандоого катышуу үчүн 26-декабрдан 28-декабрга чейин биринчи турга каттоо жүргүзүлөт. “Биринчи турга каттоо башталгандан бери 2,5 сааттын ичинде 41 талонго арыз түшүп, эң көп сандагы талондор Ж.Баласагын […]Читать далее
Бүгүн, 26-декабрда Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында Ош шаарынын мэринин балдар үчүн жаңы жылдык балаты майрамы уюштурулду. Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов калаанын жаш тургундарын келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап, чың ден соолук, кубаныч жана окууларына ийгиликтерди каалады. Майрамдык салтанатка 500гө жакын социалдык жактан аялуу жана көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдары, ден соолугунун […]Читать далее
Кыргызстанда бир жумада, 19-25-декабрга чейин, COVID-19дун 10 жаңы учуру аныкталды. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди. Маалыматка ылайык, 3 бейтап – ооруканага жаткырылган, 7 – амбулатордук дарыланууда. 19-25-декабрга чейин тобокелдикти баалоо матрицасына ылайык, бардык аймактар жашыл зонада турат. Акыркы жумадагы эффективдүү репродуктивдүү сан 1ден аз, бул […]Читать далее
Бүгүнкү күндө Салык кызматынын маалыматтык системасында 13 миң 880 ишкер катталып, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды колдонууда. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, ишкерлер тарабынан “ЭТТК” системасы аркылуу 424 миң 367 электрондук документ таризделген. Анын ичинен сатуу документтери – 210 393, эсептен чыгаруу – 109 595, алып өтүү – 82 962, […]Читать далее
Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында борбор калаанын мэринин жаңы жылдык балатысы өттү. Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров жаш бишкектиктерди келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктап, аларга чың ден соолук, окууларына ийгиликтерди каалады. Балдардын жаңы жылдык «Жаңы Жылдын Жылдызы» спектаклине социалдык жактан корголбогон үй-бүлөлөрдөн, жетим, жарым жетим, көп балалуу, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, окуунун отличниктери […]Читать далее