Садыр Жапаров жумушчу сапары менен Санкт-Петербургга барды

 Садыр Жапаров жумушчу сапары менен Санкт-Петербургга барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-декабрда, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин өлкө лидерлеринин бейформал жолугушуусуна катышуу үчүн Санкт-Петербург шаарына (Россия Федерациясы) жумушчу сапары менен учуп барды.

Мамлекет башчынын учагы “Пулково” эл аралык аэропортуна конду.

КМШ өлкөлөрүнүн лидерлеринин салттуу бейформал жолугушуусу Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин демилгеси менен жыл сайын Санкт-Петербург шаарында өткөрүлөт.

Белгилей кетсек, бул иш-чарага Азербайжандын Президенти Ильхам Алиевдин, Армениянын Премьер-министри Никол Пашиняндын, Беларусь Президенти Александр Лукашенконун, Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин, Россиянын Президенти Владимир Путиндин, Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмондун, Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедовдун, Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевдин катышуусу күтүлүүдө.

Иш-чара УТРКда жана социалдык тармактардагы баракчаларда түз эфирде көрсөтүлөт.

Түз алып көрсөтүү болжол менен саат 18:00 башталат.

Связанный пост