“Алыш” бел боо күрөшү боюнча жеңүүчүлөр аныкталды

 “Алыш” бел боо күрөшү боюнча жеңүүчүлөр аныкталды

Борбор калаада “Алыш” бел боо күрөшү эркин стили боюнча эркектер жана аялдар арасында Бишкек шаарынын Чемпионаты, уландар жана кыздар арасында Бишкек шаарынын биринчилиги өттү.

Мелдеш Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайынын концерттик залында өттү. Аларга Бишкек шаарындагы спорт клубдарынан 133төн ашык спортчу катышты.

Бишкек шаарынын биринчилиги жана Чемпионаты төмөнкү салмакта өттү:
– эркектер (18 жаш жана андан улуу): 60 кг, 70 кг, 80 кг, 90 кг, 100 кг, +100 кг;
– аялдар (18 жаш жана андан улуу): 55 кг, 60 кг, 65 кг, 70 кг, 75 кг, +75 кг;
– уландар (2006-2007-жылдары туулган): 50 кг, 55 кг, 60 кг, 65 кг, 70 кг, 75 кг;
– кыздар (2006-2007-жылдары туулган): 40 кг, 45 кг, 50 кг, 55 кг.

Байгелүү орундарга ээ болгон спортчуларга медаль, диплом, кубок жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Чемпионаттын байге фонду 168 000 сомду түздү:
эркектер жана аялдар арасында 1-орун – 4000 сом, 2-орун – 3000 сом, 3-орун – 2000 сом
балдар жана кыздар арасында 1-орун – 3000 сом, 2-орун – 2000 сом, 3-орун – 1000 сом
балдар жана кыздар арасында 1-орун – 3000 сом, 2-орун – 2000 сом, 3-орун – 1000 сом

Чемпионат Бишкек шаарынын курама командасын толуктоо, бел боо күрөшүнүн “Алыш” түрүн жайылтуу жана өнүктүрүү, спортчулардын спорттук чеберчилигин жогорулатуу жана сергек жашоо образын жайылтуу максатында өткөрүлдү.

Мелдештер Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият, спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаментинин жана Кыргыз Республикасынын «Алыш» улуттук бел боо күрөшү федерациясынын колдоосу менен өткөрүлдү.

Жеңүүчүлөрдүн жана экинчи орун алгандардын тизмеси:
Эркектер:
60 кг
1 орун – Шукуров Толубай “Улуттук Спорт Мектеби”
2 орун – Нарынбай у Кенжебай “Улуттук Спорт Мектеби”
3 орун – Жакыпов Кудайберди Дене тарбия академиясынын спорт клубу
70 кг
1 орун – Каюмов Калысбек “Улуттук Спорт Мектеби”
2 орун – Жамалбек у. Ийгилик Дене тарбия академиясынын спорт клубу
3 орун – Осмондор Эрлан “Беш Сары” спорт клубу
80 кг
1 орун – Кадырбек у Бактияр “Улуттук Спорт Мектеби”
2 орун – Аманов Айболот “ Улуттук Спорт Мектеби”
3 орун – Сатыбалдиев Шабдан Дене тарбия академиясынын спорт клубу
90 кг
1 орун – Мусабек у Азизхан “Улуттук Спорт Мектеби”
2 орун – Турсунбаев Адилет Дене тарбия академиясынын спорт клубу
3 орун – Туратов Болотбек “Алыш” спорт клубу
100 кг
1 орун – Эсенбек Тамчы “Улуттук Спорт Мектеби”
2 орун – Мыктыбеков Баяман “Улуттук Спорт Мектеби”
3 орун – Абдыразак Абдыкар “Беш Сары” спорт клубу
+100 кг
1 орун – Келсинбеков Кадыр “Беш Сары” спорт клубу
2 орун – Чубак уулу Сыймык Спорттун улуттук түрлөрү боюнча
3 орун – Акбарали Кубанычбек Дене тарбия академиясынын атындагы спорт клубу
Аялдар
55 кг
1 орун – Абдумалик Самара “Улуттук Спорт Мектеби”
2 орун – Нурисбекова Нурзада “Алыш” спорт клубу
3 орун – Сабырбек Айжан Дене тарбия академиясынын спорт клубу
60 кг
1 орун – Кадырбек Арука Октябрь районундагы орто мектеби
2 орун – Кадырова Зирегул “Алыш” спорт клубу
3 орун – Заирова София “Алыш” спорт клубу
65 кг
1 орун – Камчыбекова Аземи “Алыш” спорт клубу
2 орун – Каныбекова Алина “Улуттук Спорт Мектеби”
3 орун – Жаныбек Сабрина “Алыш” спорт клубу
70 кг
1 орун – Шаршебаева Кайыркул Октябрь районундагы орто мектеби
2 орун – Рыспаева Жаркынай “Улуттук Спорт Мектеби”
75 кг
1 орун – Курстанбек Феруза “Алыш” спорт клубу
2 орун – Жаныбай Нуризат “Алыш” спорт клубу
+75 кг
1 орун – Адина Нурматова Кыргыз улуттук университети
2 орун – Анарбекова Айжан “Алыш” спорт клубу
3 орун – Зияпова Айкөл “Улуттук Спорт Мектеби”
Жаштар:
50 кг
1 орун – Келсинбеков Мырза “Беш Сары” спорт клубу
2 орун – Абдусаминов Асатбек “Алыш” спорт клубу
55 кг
1 орун – Кондучалов Нурбай “Изабеков” спорт клубу
2 орун – Кутмидин у Акылбек “Улуттук Спорт Мектеби”
3 орун – Төлөгөнов Илимбек “Беш Сары” спорт клубу
60 кг
1 орун – Чынысов Искендер “Беш Сары” спорт клубу
2 орун -Элмурат Сабыр “Алыш” спорт клубу
3 орун – Сыйдалиев Эрболот “Изабеков” спорт клубу
65 кг
1 орун – Алтымышев Нургелди “Алыш” спорт клубу
2 орун – Тургунов Бекназар “Алыш” спорт клубу
3 орун – Баратбаев Байел Спорттун улуттук түрлөрү боюнча
70 кг
1 орун – Мелисбек у Ислам “Алыш” спорт клубу
2 орун – Арстаналиев Тилек «Беш Сары» спорт клубу
3 орун – Жунушбеков Ырыскелди «Жаштык» спорт клубу
75 кг
1 орун – Баясбеков Нурсултан “Улуттук Спорт Мектеби”
2 орун – Төлөгөнов Малик Спорттун улуттук түрлөрү боюнча
3 орун – Аттокуров Санжар “ “Улуттук Спорт Мектеби”
Кыздар:
40 кг
1 орун – Жакыпова Датка “Алыш” спорт клубу
45 кг
1 орун – Апсаламова Медина “Алыш” спорт клубу
50 кг
1 орун- Кожярова Мадина “Алыш” спорт клубу
2 орун – Сыргабаева Маркиза «Алыш» спорт клубу
55 кг
1 орун- Жээнкулова Арууке “Улуттук Спорт Мектеби”
2 орун- Сайдинова Клара “Алыш” спорт клубу
3 орун- Шумкарова Азиза Октябрь районундагы орто мектеби

Связанный пост