Быйыл Нарын облусунда 8 жаңы энергетикалык объектинин курулушу пландалууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Иштер Нарын электр тармактар ишканасы тарабынан аткарылат жана облустун инфраструктурасын жакшыртууга, энергетика тармагын өнүктүрүүгө жана ишкананын кызматкерлерине эмгек шарттарын түзүүгө багытталган. Анын ичинде: Нарын РЭТнин административдик имаратынын курулушу; Ат-Башы РЭТнин административдик имаратынын курулушу; Жумгал РЭТнин административдик имаратынын курулушу; Кочкор районунда темир-бетон […]Читать далее
Ош областынын Кара-Кулжа райондук прокуратурасы тарабынан билим берүү жаатындагы мыйзам талаптарынын сакталышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүдө, райондун аймагында жайгашкан №109 кесиптик лицейинде иш жүзүндө окубаган, Кыргыз Республикасынын аймагында болбогон 10 студентке экзамендик баалар коюлуп, окууну аяктагандыгы тууралуу тийиштүү адистиктер боюнча мыйзамсыз дипломдорду берүү фактылары аныкталган. Аталган фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнын 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен […]Читать далее
Бишкек, Жогорку технологиялар паркы, 2025-жылдын 26-марты – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Жогорку технологиялар паркына (ЖТП) барды. МинКаб Төрагасы ЖТПнын жаңыланган инфраструктурасы менен таанышып, жүргүзүлгөн оңдоо иштеринин жыйынтыгын көрдү. Анда ЖТПнын жетишкендиктерине өзгөчө көңүл бурулуп, мамлекеттик тилде сүйлөгөн “Акылай” акылдуу колонкасы тууралуу маалымат берилди. ЖТПнын директору Азис […]Читать далее
Кыргызстан менен Тажикстанда ортосунда суу жана энергетика объекттерине жеткиликтүүлүктү камсыз
Президент Садыр Жапаров “2025-жылдын 13-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстандын министрлер кабинети менен Тажикстандын өкмөтүнүн ортосундагы Суу чарба жана энергетика объекттерине жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу боюнча макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Мыйзам 2025-жылдын 19-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Бул Макулдашуу эки мамлекеттердин аймагында жайгашкан чарбалык жана энергетикалык объекттерге аларды пайдалануу […]Читать далее
Бишкек шаарындагы 3 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кызмат тарабынан мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз менчиктештирүү фактыларын аныктоо жана мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында А.Ж. акционердик коомунун ишмердүүлүгүндө өлкөнүн кызыкчылыктарына зыян келтирүү менен жер тилкесин белгиленген тартипти бузуу аркылуу төмөндөтүлгөн нарк боюнча алып коюу фактысы аныкталган. […]Читать далее
Быйылкы жазгы талаа иштерине керектелүүчү 43 миң тонна дизель отуну толугу менен жетиштүү камсыздалган. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канатбек Эшатов “Биринчи радионун” түз эфиринен билдирди. Анын айтымында, негизинен жазгы талаа иштерине 90 пайыз дизель отуну, 10 пайыздай бензин керектелет. “Жыл сайын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги менен жыл башында […]Читать далее
Жалал-Абад шаарындагы мектептин курулушунда 3,5 млн сомго жакын зыян келтирилген факты аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Жалал-Абад шаарындагы Ынтымак айылында жайгашкан М.Төрөмаматов атындагы орто мектептин курулушунда облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери “Ф” ЖЧКсы менен алдын ала сүйлөшүп алышып, иш жүзүндө аткарылбаган иштерди кабыл алышкандыгынын натыйжасында, мамлекетке жалпы […]Читать далее
Юстиция министрлигинин “Электрондук нотариат” системасынын контролдук-кассалык машиналарынын системасына интеграцияланды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Белгиленгендей, “Электрондук нотариат” системасын ККМ тутумуна интеграциялоо санариптик кызматтарды өнүктүрүүдө жана мамлекеттин жарандар менен өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатууда маанилүү кадам болуп саналат. Бул процесс Юстиция министрлиги менен Салык кызматынын биргелешкен ишинин негизинде ишке ашырылды жана нотариалдык кызмат көрсөтүүлөргө байланыштуу […]Читать далее
25-мартта саат 20:00дө Кыргызстандын түштүк аймагында жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн очогунда күчү 4 баллга жеткен. Силкинүү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Бүргөндү айылынан түштүк-батышка карай 4 чакырым, Момбеков айылынан түшүк-батышка 12 чакырым, Кочкор-Ата шаарынан түштүк-батышка 18 чакырым , Шамалды-Сай шаарынан түштүк-чыгышка карай 20 чакырым аралыкта […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 25-мартта, борбор калаадагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн Кыргыз Республикасынын жана Катар Мамлекетинин улуттук курама командаларынын ортосундагы футбол беттешин көргөнү барды. Бул матч 2026-жылдагы Дүйнө чемпионатына тандоо этабынын үчүнчү айлампасынын алкагында өттү. Беттеш 3:1 эсебинде Кыргызстандын курама командасынын жеңиши менен аяктады.Читать далее