Кара-Суу районунда Папан ГЭСин курууга даярдык иштери башталды. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, учурда ГЭСке алып баруучу жолдун курулушу жүрүүдө. Станция Папан суу сактагычынын төмөнкү бөлүгүндө (бьефинде) жайгашат. Жаңы ГЭСтин пландалган кубаттуулугу 27 МВтты (үч гидроагрегат, ар бири 9 МВт) түзөт, ал эми жылдык орточо электр энергия өндүрүү көлөмү 113 млн кВт/с болмокчу. Бул долбоор мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн […]Читать далее
Өлкөдө айыл чарба кооперативдеринин мүчөлөрүнүн саны 26 миңге жакындады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 1-март айына карата жалпы республика боюнча каттоодон өткөн 5 миңден ашык айыл чарба кооперативдери бар. Анын ичинен азыркы күндө иштеп жаткан 753 айыл чарба кооперативдери айыл чарба өндүрүшүндө өз ишмердиктерин […]Читать далее
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. Ага ылайык, 2025-жылдын 26-28-март күндөрү туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү, эңкейиш жана төмөн жерлерди суу капташы, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. ӨКМ арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын […]Читать далее
Бүгүн, 25-мартта Кыргызстандын имамдарына кызматтык унаалар тапшырылды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти. Маалыматта белгиленгендей, автоунаалар рамазандык иш-чара учурунда тапшырылып, ага Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Азамат Юсупов, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын муфтийи Абдулазиз Закиров, муфтийдин орун басарлары, БТК төрагасы жана дин кызматкерлери катышты. “Иш-чаранын максаты – аймактардагы дин кызматкерлеринин ишин жеңилдетип, оптималдаштыруу […]Читать далее
Бостери айылындагы Борбордук жана Алтын-Кум пляждары бириктирилип заманбап талаптарга ылайык жаңы пляж курулат. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине курулуш министри Нурдан Орунтаев билдирди. Анын айтымында, аталган пляждагы 1,5 чакырым жериндеги эскилиги жеткен жана бир нече жылдан бери иштебей турган атракциондор алынып, учурда курулуш иштери кызуу жүрүүдө. Курулуш иштери жайкы сезонго бүткөрүлөт. “Пляжга курулчу имараттардын баары […]Читать далее
Кыргызстанга кирүү визаларын мыйзамсыз даярдоо каналы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кызмат миграциялык мыйзамдар чөйрөсүндөгү мыйзам бузууларды аныктоо жана мыйзамсыз миграцияга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында чет өлкөлүк жарандар үчүн Кыргызстанга кирүү визаларын мыйзамсыз даярдоо каналын аныктады. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында козголгон кылмыш ишин иликтөөнүн натыйжасында Пакистандын жараны А.М. […]Читать далее
Кыргызстанда омуртка булчуңдарынын атрофиясы (СМА) диагнозу коюлган 40 бала катталган. Бул тууралуу балдар неврологу жана фармаколог дарыгерлер Бишкектеги маалымат жыйынында билдиришти. Алардын айтымында, бул балдардын ичинен ичинен 6 бала оорунун эң татаал болгон биринчи тобу менен ооруйт. Балдар неврологу, жогорку категориядагы дарыгер Нурмухамед Бабажановдун айтымында, алардын экөө бир жашка чейинки, төртөө бир жаштан жогорку курактагы […]Читать далее
Жыл аягына чейин жаңы муниципалдык беш мал базар курулуп, ишке берилет. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, алар Ноокен, Кочкор, Ак-Талаа, Кадамжай райондорунда жана Бишкек шаарында салынууда. Ошондой эле, учурда жергиликтүү бийлик менен биргеликте Өзгөн жана Кемин райондоруна да жаңы мал базар куруу үчүн жер бөлүнүп […]Читать далее
Талас облусундагы “Манас Ордо” улуттук комплексинин “Манас” эпосу музейи заман талабына ылайык санариптештирилди. Анын бет ачары 27-мартта Бишкек шаарында өтөт. Бул тууралуу “Манас” улуттук академиясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, “Санарип эгиз” инновациялык долбоору “Манас” улуттук академиясынын колдоосу менен даярдалган. Аталган долбоор – жаңы ыкмалардын жардамы менен “Манас” эпосун даңазалоо болуп саналат. Ал аркылуу дүйнөнүн кайсы жеринде […]Читать далее
2025-жылдын 1-майынан тарта Кыргызстанда электр энергиясына жаңы тарифтер күчүнө кирет. Электр энергиясына болгон баанын көтөрүлүшү бардык керектөөчүлөргө таасирин тийгизет. Тарифтердин көтөрүлүшүнүн себептери Буга чейин энергетика министри Таалайбек Ибраев тарифтердин жогорулашына бир нече факторлор, анын ичинде инфляция, энергетикалык ресурстарга жана жабдууларга болгон баанын өсүшү себеп болгонун билдирген. Учурда өлкөдө тарифтер Борбор Азиядагы эң төмөнкү тарифтердин катарына […]Читать далее