Билим

Билим берүү министрлиги окуу жылы 1-сентябрда башталарын эскертет

Кыргызстанда окуу жылы 1-сентябрда башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, министрлик КР министрлер кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы №425 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин билим берүү чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомуна ылайык, республикада билим берүүнүн бардык деңгээлдеринде окуу жылынын узактыгынын оптималдуу мөөнөттөрү белгиленгендигин билдирет. “Ошентип, жалпы билим берүүчү […]Читать далее

Коом

Кыргызстанда күзгү аскерге чакыруу өнөктүгү башталат. Жарлыкка президент кол койду

Президент Садыр Жапаров «Куралдуу Күчтөрдүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларын жана альтернативдик кызматтын кызматчыларын запаска бошотуу, ошондой эле 2022-жылдын сентябрь-ноябрында жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз […]Читать далее

Коом

Бишкекте скверлер жана көчөлөр жаңы сугат тутумдары менен жабдылды

“Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасынын жашылдандыруучулары скверлерди жана көчөлөрдү жаңы сугат тутумдары менен жабдышты. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, Таттыбүбү Турсуналиева атындагы, Кыргызстан жана Россия элдеринин достугу, Эмгек Даңкы, Өкмөттүк скверлеринде жаңы тутумдар орнотулду. Мындан тышкары, сугат тутумдары менен Раззаков, Панфилов, Орозбеков, Пушкин көчөлөрү, ошондой эле Чүй проспектиси жана Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук […]Читать далее

Коом

«Үй-бүлөгө көмөк» алгандар социалдык келишим түзө алышат

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө токтомун ишке ашыруунун алкагында Биринчи май районунда “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пул алуучулар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул долбоор үй-бүлөлөрдү оор турмуштук абалынан чыгуу боюнча жигердүү кадамдарга дем берүү,  алардын жашоо деңгээлин жогорулатууга түрткү берүү максатында иштелип чыккан. Ошондой эле үй-бүлөлөрдүн эркин эмгектик жана мүлктүк […]Читать далее

Спорт

Оштун Жапалак айыл аймагында балдардын жайкы эс алуусу уюштурулду

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун тапшырмасына ылайык, калаадагы бардык МАБдарда балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу долбоору ишке ашырылууда. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет. Графикке ылайык, Ош шаарындагы Жапалак айыл аймагында балдар жана өспүрүмдөр арасында спорттук иш-чаралар уюштурулду. Мындан тышкары, балдарга суусундуктар жана таттуулар, балмуздактар ​​таратылды. Бул иш-чараларга катышуу үчүн калктын аз камсыз […]Читать далее

Коом

Боомдо баткакта жол кыймылын көзөмөлдөгөн кызматкер сыйланды

Боом капчыгайында сел жүрүп, жол жабылган учурда батканта унаа кыймылын көзөмөлдөгөн кызматкер сыйланды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 5-август күнү Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 135-136 чакырымында “Боом” капчыгайында сел жүрүп кеткен. “Натыйжада жол эки тарапка тең тосулган. Окуяга күбө болгондор тизесине чейин ылайга баткан Жол кыймылынын коопсуздугун […]Читать далее

Спорт

“Танк биатлону”. Кыргызстан Россия, Кытай, Беларусь командалары менен бир тайпада

Россиянын Москва облусунда Патриот паркындагы Эл аралык армия оюндар музейинде “АрМИ-2022” оюндарынын алкагында өтүүчү “Танк биатлону” боюнча мелдешке катышуучу командалар жана танк экипаждары чүчү кулак кармады. КР Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, чүчү кулактын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын курама командасы жашыл түстүү гильзаны алып, Россия, Кытай жана Беларустун командалары менен бир тайпага түштү. Ата мекендик […]Читать далее

Коом

Чолпон-Атада БА өлкөлөрүнүн энергетик аялдарынын эл аралык саммити өтүүдө

9-10-августта Чолпон-Ата шаарында КР энергетика министри Доскул Бекмурзаевдин катышуусунда Борбор Азия өлкөлөрүнүн энергетик айымдарынын биринчи эл аралык саммит-конференциясы өтүүдө. Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, Доскул Бекмурзаев мындай иш-чараларды уюштуруу – энергетика тармагындагы аялдардын ролун бекемдөөгө шык берип, гендердик теңчилик боюнча маселелерди талкуулоого аянтча болуп жана ошондой эле энергетик айымдарды колдоо боюнча бирдиктүү аянтча түзүүгө өбөлгө […]Читать далее

Дүйнөдө

Чикаго шаарында Кыргызстандын Башкы консулдугу иштеп баштады

Чикаго шаарында Кыргызстандын Башкы консулдугу иштеп баштады. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, КР жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоо, жагымдуу шарттарды түзүү, экономикалык жана маданий кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле АКШда кыргыз жарандарына консулдук кызматтарды көрсөтүү максатында КР президентинин тиешелүү жарлыгы менен АКШнын Чикаго шаарында Кыргызстандын Башкы консулдугу түзүлгөн. […]Читать далее

Коом

“Түндүк электрдин” кызматкери агып бараткан баланы куткарып калганы үчүн сыйланды

Электр монтер Аскар Түлөнов сууга чөгүп бара жаткан баланы куткарууда көрсөткөн эрдиги үчүн Чүй облусу боюнча “Түндүк электр” ААКтын жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ардак грамоталары менен сыйланды. Ишканадан билдиришкендей, алардын кызматкери Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын ыраазычылык каты менен дагы сыйланды. Аскар Түлөнов И.Разаков атындагы КМТУну аяктагандан кийин 2021-жылдын октябрь айында Жайыл РЭСтин цехине электрик болуп […]Читать далее