«Үй-бүлөгө көмөк» алгандар социалдык келишим түзө алышат

 «Үй-бүлөгө көмөк» алгандар социалдык келишим түзө алышат

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө токтомун ишке ашыруунун алкагында Биринчи май районунда “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пул алуучулар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Бул долбоор үй-бүлөлөрдү оор турмуштук абалынан чыгуу боюнча жигердүү кадамдарга дем берүү,  алардын жашоо деңгээлин жогорулатууга түрткү берүү максатында иштелип чыккан.

Ошондой эле үй-бүлөлөрдүн эркин эмгектик жана мүлктүк потенциалын коомдук пайдалуу иштерге тартуу, үй-бүлөлөрдүн социалдык жоопкерчилигин жогорулатуу жана алардын жүрүм-турумунун көз карандылык мотивин азайтуу, чакан бизнести өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү, жаңы жумуш орундарын түзүүгө дем берүү.

Социалдык келишимде ар бир үй-бүлөгө жеке бизнесин өнүктүрүү үчүн 100 миң сомго чейин социалдык жардам каралган.

Социалдык келишим – аз камсыз болгон  үй-бүлө (же алардын тобу) менен аймактык бөлүмдүн ортосундагы өз ара милдеттенмелер жөнүндө келишим, ага ылайык аймактык бөлүм муктаж үй-бүлөгө социалдык жардам көрсөтүүгө,  Программада каралган иш-чараларды ишке ашырууга милдеттенет.

Связанный пост