Коом

Жалал-Абадда дөңгөлөк саткан дүкөндөн өрт чыкты

Жалал-Абадда дөңгөлөк саткан дүкөндөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Такталган маалымат боюнча, Ноокен районуна караштуу Кочкор-Ата шаарында дөңгөлөк саткан дүкөн күйүп жатат деген кабар түшкөн, жерине саат 06:14 бир өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Күйүп жаткан өрттүн көлөмү чоң болгонуна байланыштуу жардамга “Кыргызнефтигаз” ААКтан эки даана өрт өчүрүү автоунаа жана […]Читать далее

Коом

Улан Ниязбеков ШКУнун жыйынына катышуу үчүн Өзбекстанга барды

Бүгүн, 18-августта КР ички иштер министри Улан Ниязбеков Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлеринин төртүнчү жыйынына катышуу үчүн Өзбекстанга барды. Ведомстводон билдиргендей, Өзбекстандын ШКУга төрагалыгынын алкагында 17-18-августта Ташкентте ШКУга мүчө мамлекеттердин ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлеринин 4-жыйыны өтөт. Аталган кеңешмеге ШКУга мүчө мамлекеттердин ички иштер жана коомдук коопсуздук министрликтеринин, […]Читать далее

Экономика

Кыргызстан жети айда 307,8 тонна айыл чарба продукциясын экспорттоду

Үстүбүздөгү жылдын 7 айына карата ата мекендик айыл чарба продукциясынын экспорту – 307 миң 879 тоннаны түздү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, бул өткөн жылга салыштырмалуу 76 миң 276 тоннага аз, 2021-жылдын ушул мезгилинде 384 миң 155 тонна экспорттолгон. 2022-жылдын 7 айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын карантинге алынган продукциянын экспортунун […]Читать далее

Экономика

Акылбек Жапаров жана Дүйнөлүк банктын КРдагы директору кызматташтыкты талкуулады

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы Туруктуу Өкүлчүлүгүнүн директору Навид Хасан Накви менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматына кабарлашты. Жолугушууда экономика, энергетика, саламаттыкты сактоо, санариптештирүү, суу жана жер ресурстары тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды. Тараптар ошондой эле министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун Дүйнөлүк банк тобунун жана Эл […]Читать далее

Саясат

Кыргызстан менен Тажикстандын Жогорку сотторунун төрагалары жолугушту

КР Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков бул күндөрү Тажикстандын Душанбе шаарында өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Жогорку сотторунун төрагаларынын XVII отурумуна катышууда. Жогорку соттон билдиргендей, иш-чаранын алкагында Замирбек Базарбеков менен Тажикстандын Жогорку сотунун төрагасы Шермухаммад Шохиёндун эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү. Замирбек Базарбеков расмий эки тараптуу жолугушуу учурунда Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын […]Читать далее

Спорт

Кикбоксчулар Ислам оюндарында өлкө капчыгына эки медаль алып келишти

Кикбоксер Адилет Улан уулу Ислам шериктештиги оюндарында күмүш байгеге татыды. Ал 60 кг салмак категориясында катышкан. Адилет Улан уулу алгачкы беттеште Азербайжандык спортчуну, жарым финалда Иорданиялык кикбоксерду жеңип, финалда түрк атаандашына жеңилип, күмүш байгенин ээси болду. Ал эми дагы бир кыргызстандык кикбоксер Аброр Хакимов аталган оюнда коло байгени багындырды. Спортчу 71 кг салмак категорияда катышкып, […]Читать далее

Саясат

Президент бир катар жергиликтүү соттордун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бир катар жергиликтүү соттордун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө Жарлыкка кол койду. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 96-беренесинин 2-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 29-беренесинин 2-бөлүгүнүн 14-пунктуна жана 31-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин тартип жазасын колдонуу жөнүндө сунушу боюнча […]Читать далее

Дүйнөдө

Жээнбек Кулубаев Мустафа Кемал Ататүрктүн күмбөзүнө гүл чамбар койду

Бүгүн, 17-августта Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түркия Республикасына болгон иш сапарынын жана Биргелешкен стратегиялык пландоо тобунун 5-жыйынынын алкагында Түрк мамлекетинин негиздөөчүсү Мустафа Кемал Ататүрктүн күмбөзүнө барды. Тарыхый-маданий комплексте Ж.Кулубаев Даңк аллеясы менен Ататүрктүн күмбөзүнө барып, анын мүрзөсүнө гүлчамбар коюп, Түркия Республикасынын биринчи президентинин урматына бир мүнөттүк эскерүү менен таазим этти. Ошондой эле, […]Читать далее

Коом

Бишкекте социалдык турак-жай куруу мүмкүнчүлүгү талкууланды

Шаардык муниципалитетте калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыровдун,  калаанын транспорт, курулуш жана архитектура боюнча вице-мэри Бактыбек Абдиевдин түркиялык «Кузу групп» компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуусу өттү. Борбор калаада социалдык турак- жайларды куруу, ошондой эле шаардык канализацияны башкаруу жана биргелешкен кызматташтыкты чыңдоо боюнча пландар талкууланды. Маалымат үчүн: «Кузу групп»  жылдык жүгүртүүсү 350 миллион АКШ долларынан ашкан Түркиядагы алдыңкы подряддык […]Читать далее

Спорт

28-августта «Ден соолук менден башталат!» ураанынын алдында веложүрүш өтөт

Велосүйүүчүлөрдүн көңүлүнө! 2022-жылдын 28-августунда «Ден соолук менден башталат!» деген ураандын алдында веложүрүш өтөт. Иш-чара Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы менен биргеликте «Вело friends позитив kg» коомдук уюмунун жана «Алтын дөңгөлөк» велоклубунун  колдоосу менен «Кыргыз Жараны» долбоорунун алкагында өткөрүлүүдө. Иш-чара төмөнкү программа боюнча өткөрүлөт: […]Читать далее