28-августта «Ден соолук менден башталат!» ураанынын алдында веложүрүш өтөт

 28-августта «Ден соолук менден башталат!» ураанынын алдында веложүрүш өтөт

Велосүйүүчүлөрдүн көңүлүнө!

2022-жылдын 28-августунда «Ден соолук менден башталат!» деген ураандын алдында веложүрүш өтөт.

Иш-чара Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы менен биргеликте «Вело friends позитив kg» коомдук уюмунун жана «Алтын дөңгөлөк» велоклубунун  колдоосу менен «Кыргыз Жараны» долбоорунун алкагында өткөрүлүүдө.

Иш-чара төмөнкү программа боюнча өткөрүлөт:

Чогулуш орду жана убактысы – 09:00, Д.Асанов атындагы Жеңиш паркы;
Веложүрүштүн катышуучуларын каттоо – саат 09:00дөн 09:30га чейин;
Веложүрүштүн катышуучуларын тизмесин түзүү – 09:45;
Д.Асанов атындагы Жеңиш паркынан башталат – 10:00;
Финишке келүү (Т. Усубалиев аянты / Эски аянт) – 10:30-10:45;
Салтанаттуу жана оюн-зоок бөлүктөрү. Жыйынтыктоо, иш-чаранын жабылышы – 11:00 – 12:30.

Связанный пост