Кыргызстан менен Тажикстандын Жогорку сотторунун төрагалары жолугушту

 Кыргызстан менен Тажикстандын Жогорку сотторунун төрагалары жолугушту

КР Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков бул күндөрү Тажикстандын Душанбе шаарында өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Жогорку сотторунун төрагаларынын XVII отурумуна катышууда.

Жогорку соттон билдиргендей, иш-чаранын алкагында Замирбек Базарбеков менен Тажикстандын Жогорку сотунун төрагасы Шермухаммад Шохиёндун эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.

Замирбек Базарбеков расмий эки тараптуу жолугушуу учурунда Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосунда бекем тарыхый негизге жана маданиятка ээ болгон жакшы коңшулук жана бир туугандык мамилелер өнүккөндүгүн айтты. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы кызматташтык Бириккен Улуттар Уюму, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги, Шанхай Кызматташтык Уюму сыяктуу эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагында эки тараптуу жана көп тараптуу негизде өнүгүп жатат.

Өз кезегинде КР Жогорку соту эки өлкөнүн сот адилеттиги системасын өркүндөтүү үчүн биргелешкен демилгелерди иштеп чыгуу жана ишке ашырууда ТР жогорку сот органы менен мындан аркы кызматташууну бекемдөөгө кызыкдар.

Эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да чыңдоо максатында, Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Шермухаммад Шохиёнду 2022-жылдын 16-сентябрында Бишкек шаарында өтө турган “Конституциялык реформалардын шартында сот бийлигинин көз карандысыздыгы” аттуу эл аралык конференцияга катышып кетүүгө чакырды.

Конференцияга сот тутумунун, мамлекеттик бийлик органдарынын (Президенттин администрациясы, КР Жогорку Кеңеши, Акыйкатчы жана башка), эл аралык уюмдардын, илимий коомчулуктун, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, Венеция комиссиясынын эксперттери, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн Жогорку сотторунун өкүлдөрү катышат.

Өз кезегинде Шермухаммад Шохиён Замирбек Базарбековду ШКУга мүчө мамлекеттердин Жогорку сотторунун төрагаларынын XVII отурумуна келип катышып жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, эки тараптуу кызматташтыкты жаңы баскычка чыгарууга даяр экендигин кошумчалады.

Тараптар ошондой эле эки өлкөнүн сот тутумундагы жетишкендиктери, артыкчылыктары жана тажрыйбалары туурасында пикир алышышты.

Связанный пост