Жалал-Абадда дөңгөлөк саткан дүкөндөн өрт чыкты

 Жалал-Абадда дөңгөлөк саткан дүкөндөн өрт чыкты

Жалал-Абадда дөңгөлөк саткан дүкөндөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Такталган маалымат боюнча, Ноокен районуна караштуу Кочкор-Ата шаарында дөңгөлөк саткан дүкөн күйүп жатат деген кабар түшкөн, жерине саат 06:14 бир өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.

Күйүп жаткан өрттүн көлөмү чоң болгонуна байланыштуу жардамга “Кыргызнефтигаз” ААКтан эки даана өрт өчүрүү автоунаа жана Кочкор-Ата шаардык “Тазалык” ишканасынан автошаты тартылып, саат 06:39 курчоого алынып саат 08:49 толук өчүрүлгөн.

Күйгөн жердин жалпы аянты 496 чарчы метрди түзүп, келтирилген чыгымдын суммасы 4 млн сомду түзүүдө.

Учурда өрттүн чыгуу себеби такталууда.

Связанный пост