Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык Канатбек Азиз президентке караштуу Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун директору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.Читать далее
Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесине ылайык Абдырахманов Төлөбек Абылович Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.Читать далее
Чүйдүн Чуңкурчак жайлоосунда “Салбуруун 2022” аталышындагы салттуу жаа атуу спорту боюнча эл аралык мелдеш өтөт. Спорттук иш-чара эгемендүүлүк күнүнө карата 29-31-август аралыгында өтөт. Салттуу жаа атуу мелдешине бул ирет Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Малайзия, Сингапур, Россия, Башкортостан, Венгрия, АКШ, Германия, Франция, Испания, Индонезия жана башка жерлердин көзгө атар мергенчилери келет. Жалпы жонунан 120дан ашык жаачылар ат […]Читать далее
Билимдүү улут гана өлкөнүн өнүгүүсүнүн чыныгы локомотиви боло алат. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөнүн билим берүү кызматкерлеринин, билим берүү тутумунун жетекчилеринин республикалык педагогикалык кеңешмесинде сүйлөгөн сөзүндө билдирди. Министрлер кабинетинин башчысы сөзүнүн алдында бүгүн Россия Федерациясында мекендештерибиздин жол кырсыгынан каза болгондугуна байланыштуу аза күтүү күнү деп жарыяланганына токтолду. Ал каза болгондордун жакындарына жана […]Читать далее
Баатырова Гүлнара Маришовна саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. “Саламаттык сактоо министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Гүлнара Баатырованын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет”, – деп айтылат маалыматта.Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров өлкөнүн банк секторунун өкүлдөрү менен кеңешме өткөрдү. Анда экономиканы өнүктүрүү маселеси жана тармактын көйгөйлөрү талкууланды. Министрлер Кабинетинин башчысы банкирлерди өлкө жарандарынын бакубаттуулугун жогорулатуу үчүн тышкы жана ички рыноктордон инвестиция тартуу максатында мамлекет менен биргеликте иш алып барууга чакырып, ошондой эле банк секторуна алдыңкы жогорку технологияларды киргизүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. […]Читать далее
“Бишкекжарык” муниципалдык ишканасынын бригадасы Ата-Түрк паркындагы чырактарды жаңылады. Адистер 1080 метр узундуктагы траншеяны казып, 50 даана бетон негизин, лампаларды жана темир таянычтарды орнотушту. Натыйжада, парктын аллеясында азыр 40 чырак жанып турат. Ал эми афган жоокерлер эстелигинин жанына 10 чырак орнотулду. Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиздин көчө караңгы болуп калса, сиздер үчүн дайыма ишкананын авариялык-диспетчердик кызматы иштейт: […]Читать далее
Бүгүн, 23-августта Кыргызстандагы мечиттерде Россиянын Ульяновск облусунда жол кырсыгында каза болгон 14 мекендешибизге багышталып куран окулат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти. Маалыматта айтылгандай, муфтий Замир кары Ракиев 13:30да Бишкектеги эски борбордук мечитте дин кызматкерлери тарабынан окулган хатм куранды маркумдарга багыштап дуба кылмакчы. Белгилей кетсек, бүгүн, 23-августта Кыргызстан аза күтүүдө. Улуттук аза күтүү жөнүндө жарлыкка […]Читать далее
Президент Садыр Жапаровдун “Кыргыз Республикасында 2022-жылдын 23-августун улуттук аза күтүү күнү деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгынын тексти: “2022-жылдын 21-августунда Россия Федерациясынын Ульяновск облусунда болгон жол-транспорттук кырсыгынын кесепетинен Кыргыз Республикасынын 14 жараны каза болду. Каза болгондорго аза күтүү менен алардын туугандарынын жана жакындарынын кайгысын тең бөлүшүп, токтом кылам: Кыргыз Республикасында 2022-жылдын 23-августу улуттук аза күтүү күнү деп […]Читать далее
Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Россия Федерациясынын Ульяновск облусундагы жол кырсыгында каза болгон кыргызстандыктардын үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти. “Урматтуу мекендештер! Россия Федерациясынын Ульяновск облусунда кыргызстандык бир боорлорубуздун жол кырсыгынан улам каза болгондугу тууралуу кабар баарыбыздын кабыргабызды кайыштырып турат. Бул кырсык алардын үй-бүлөсү үчүн эле эмес, жалпы Кыргызстан […]Читать далее