Эгемендүүлүк күнү: Чуңкурчакта салттуу жаа атуу спорту боюнча эл аралык мелдеш өтөт

 Эгемендүүлүк күнү: Чуңкурчакта салттуу жаа атуу спорту боюнча эл аралык мелдеш өтөт

Чүйдүн Чуңкурчак жайлоосунда “Салбуруун 2022” аталышындагы салттуу жаа атуу спорту боюнча эл аралык мелдеш өтөт.

Спорттук иш-чара эгемендүүлүк күнүнө карата 29-31-август аралыгында өтөт.

Салттуу жаа атуу мелдешине бул ирет Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Малайзия, Сингапур, Россия, Башкортостан, Венгрия, АКШ, Германия, Франция, Испания, Индонезия жана башка жерлердин көзгө атар мергенчилери келет.

Жалпы жонунан 120дан ашык жаачылар ат үстүндө жана жөө жаа атуу боюнча күч сынашат.

Ал эми иш-чаранын ачылышында, 29-августта жаачылардын салттуу кийимдеги парады өтөт.

Связанный пост