Ата-Түрк паркына 50 жаңы чырак орнотулду

 Ата-Түрк паркына 50 жаңы чырак орнотулду

“Бишкекжарык” муниципалдык ишканасынын бригадасы Ата-Түрк паркындагы чырактарды жаңылады. Адистер 1080 метр узундуктагы траншеяны казып, 50 даана бетон негизин, лампаларды жана темир  таянычтарды орнотушту. Натыйжада, парктын аллеясында азыр 40 чырак жанып турат. Ал эми афган жоокерлер эстелигинин жанына 10 чырак орнотулду.

Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиздин көчө караңгы болуп калса, сиздер үчүн дайыма ишкананын авариялык-диспетчердик кызматы иштейт: (0312) 46-30-89, 57-63-51, ошондой эле 0777 902-115 WhatsApp аркылуу жазуу түрүндө кайрылсаныздар болот.

Связанный пост