Төрага Мамытов Россиядагы жол кырсыгынан каза болгондордун жакындарына көңүл айтты

 Төрага Мамытов Россиядагы жол кырсыгынан каза болгондордун жакындарына көңүл айтты

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Россия Федерациясынын Ульяновск облусундагы жол кырсыгында каза болгон кыргызстандыктардын үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Урматтуу мекендештер!

Россия Федерациясынын Ульяновск облусунда кыргызстандык бир боорлорубуздун жол кырсыгынан улам каза болгондугу тууралуу кабар баарыбыздын кабыргабызды кайыштырып турат.

Бул кырсык алардын үй-бүлөсү үчүн эле эмес, жалпы Кыргызстан үчүн чоң жоготуу.

Андыктан, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан маркумдардын жакындарына көңүл айтуу менен аза кайгысын тең бөлүшүп, кайрат, сабыр тилейм!

Жараткан бейишинен жай берип, арты кайрылуу болсун! Ал эми ооруканада жаткандар тез арада сакайсын!”, – деди төрага.

Связанный пост