Саясат

Эркинбек Осоев транспорт жана коммуникациялар министри кызматынан бошотулду

Эркинбек Осоев транспорт жана коммуникациялар министри кызматынан бошотулду, – деп билдирет президенттин маалымат кызматы. “Президент Садыр Жапаров Конституциянын 71-беренесин жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 11-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык кол койгон жарлыктын негизинде транспорт жана коммуникациялар министри Осоев Эркинбек Арстанбекович берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду”, – деп айтылат билдирүүдө.Читать далее

Саясат

Доскул Бекмурзаев энергетика министри кызматынан бошотулду

Доскул Бекмурзаев энергетика министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. “Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунун негизинде Бекмурзаев Доскул Жумагулович энергетика министри кызматынан бошотулду”, – деп айтылат маалыматта. Белгилей кетсек, буга чейин Башкы прокуратура энергетика министри Доскул Бекмурзаевге карата кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары […]Читать далее

Маданият

Азамат Жаманкулов кызматынан бошотулду. Жарлыкка президент кол койду

Азамат Жаманкулов маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. “Президент Садыр Жапаров Конституциянын 71-беренесин жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 11-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык кол койгон жарлыктын негизинде маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Жаманкулов Азамат Капарович берген арызына ылайык ээлеген […]Читать далее

Билим

Алмазбек Бейшеналиев билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулду

Алмазбек Бейшеналиев билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. “Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунун негизинде Бейшеналиев Алмазбек Бейшеналиевич Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулду”, – деп айтылат маалыматта. Белгилей кетсек, Алмазбек Бейшеналиев пара алуу фактысы боюнча иликтенип […]Читать далее

Экономика

Үй жана батирди ижарага бергендер салык төлөөгө тийиш

Батирди же үйдү ижарага берген жеке жактар Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык салык төлөөгө тийиш экендигин Мамлекеттик салык кызматы маалымдайт. Кыймылсыз мүлк ээси салык төлөө режимин өз алдынча тандайт. Салыктарды патенттин, бирдиктүү салыктын (салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы) же жалпы салык режиминин негизинде төлөөгө болот. Ушуга байланыштуу, Мамлекеттик салык кызматы мүлктү ижарага берген жарандарды өздөрүнүн салык […]Читать далее

Маданият

IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кыргызстандык спортчулар жалпы 40 медаль топтошту

IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Түркиянын Изник шаарында 29-сентябрдан 2-октябрга чейин “Биримдикти жана салтты сактайбыз, келечекке карайбыз!” деген ураан алдында өттү. Көчмөндөр оюндарына 102 өлкөдөн 3 миңден ашык спортчу катышты. Ал эми Кыргызстандын атынан 148 спортчу 11 спорттун түрүнөн күчүн сынады: көк бөрү, алыш бел боо күрөшү, татар күрөш, аба күрөшү (ашыртмалы, капышмалы), пахлавани, казак күрөшү, […]Читать далее

Маданият

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Казакстанда өтөт

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Казакстанда өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эстафетасын Түркиянын Жаштар жана спорт министри Мехмет Муххарем Касапоглу Казакстандын маданият жана спорт министри Даурен Абаевге өткөрүп берди. Ал эми IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Түркиянын Изник шаарында 29-сентябрдан 2-октябрга чейинки аралыкта өттү. Көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын […]Читать далее

Коом

4-октябрда Бишкектин айрым жерлеринде суу өчүрүлөт

Эртең, 4-октябрда Бишкек шаарынын айрым жерлеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, эртең муздак суу саат 9.00дөн 22.00гө чейин «Северный» суу алгычында жана шаардагы таза суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт. Суу Күрөңкеев, Абдрахманов, Элебесов, Бельский көчөлөрү, Ала-Арча суусу, Жибек-Жолу проспектиси, Ж.Гвардия бульвары, ЧЧК, Саадаев көчөсү менен чектелген аймакта өчүрүлмөкчү […]Читать далее

Спорт

Изник шаарында Кыргызстандык улакчылар Казакстанды финалда утуп, жеңүүчү аталды

Түркиядагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрү боюнча кыргызстандык улакчылар Казакстанды финалда утуп алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Кыргызстандык улакчылар мелдештин финалында казакстандык спортчулар менен чыгып, аларды 5:0 эсебинде артта калтырды. Чечүүчү 3-таймда Казакстандын курама командасынын аттары чарчап калгандыгына байланыштуу беттешке чыгышкан жок. Кыргызстандын капчыгына Манас Ниязов, Нуржан Мелисбек уулу, Рустам Тыналиев, […]Читать далее

Саясат

Акылбек Жапаров Баткен шаарында координациялык штабдын жыйынын өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Баткен шаарында координациялык штабдын жыйынын өткөрдү. Координациялык штабдын отурумунда бир катар маселелер каралды. Мындан тышкары, Министрлер Кабинетинин башчысы Баткен шаарындагы гуманитардык жардамдарды кабыл алуу пунктунун иши менен таанышты. Белгиленгендей, келип түшкөн бардык гуманитардык жардамдардын электрондук эсеби жүргүзүлүүдө.Читать далее