Алмазбек Бейшеналиев билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. “Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунун негизинде Бейшеналиев Алмазбек Бейшеналиевич Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулду”, – деп айтылат маалыматта. Белгилей кетсек, Алмазбек Бейшеналиев пара алуу фактысы боюнча иликтенип […]Читать далее
Батирди же үйдү ижарага берген жеке жактар Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык салык төлөөгө тийиш экендигин Мамлекеттик салык кызматы маалымдайт. Кыймылсыз мүлк ээси салык төлөө режимин өз алдынча тандайт. Салыктарды патенттин, бирдиктүү салыктын (салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы) же жалпы салык режиминин негизинде төлөөгө болот. Ушуга байланыштуу, Мамлекеттик салык кызматы мүлктү ижарага берген жарандарды өздөрүнүн салык […]Читать далее
IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Түркиянын Изник шаарында 29-сентябрдан 2-октябрга чейин “Биримдикти жана салтты сактайбыз, келечекке карайбыз!” деген ураан алдында өттү. Көчмөндөр оюндарына 102 өлкөдөн 3 миңден ашык спортчу катышты. Ал эми Кыргызстандын атынан 148 спортчу 11 спорттун түрүнөн күчүн сынады: көк бөрү, алыш бел боо күрөшү, татар күрөш, аба күрөшү (ашыртмалы, капышмалы), пахлавани, казак күрөшү, […]Читать далее
V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Казакстанда өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эстафетасын Түркиянын Жаштар жана спорт министри Мехмет Муххарем Касапоглу Казакстандын маданият жана спорт министри Даурен Абаевге өткөрүп берди. Ал эми IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Түркиянын Изник шаарында 29-сентябрдан 2-октябрга чейинки аралыкта өттү. Көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын […]Читать далее
Эртең, 4-октябрда Бишкек шаарынын айрым жерлеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, эртең муздак суу саат 9.00дөн 22.00гө чейин «Северный» суу алгычында жана шаардагы таза суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт. Суу Күрөңкеев, Абдрахманов, Элебесов, Бельский көчөлөрү, Ала-Арча суусу, Жибек-Жолу проспектиси, Ж.Гвардия бульвары, ЧЧК, Саадаев көчөсү менен чектелген аймакта өчүрүлмөкчү […]Читать далее
Түркиядагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрү боюнча кыргызстандык улакчылар Казакстанды финалда утуп алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Кыргызстандык улакчылар мелдештин финалында казакстандык спортчулар менен чыгып, аларды 5:0 эсебинде артта калтырды. Чечүүчү 3-таймда Казакстандын курама командасынын аттары чарчап калгандыгына байланыштуу беттешке чыгышкан жок. Кыргызстандын капчыгына Манас Ниязов, Нуржан Мелисбек уулу, Рустам Тыналиев, […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Баткен шаарында координациялык штабдын жыйынын өткөрдү. Координациялык штабдын отурумунда бир катар маселелер каралды. Мындан тышкары, Министрлер Кабинетинин башчысы Баткен шаарындагы гуманитардык жардамдарды кабыл алуу пунктунун иши менен таанышты. Белгиленгендей, келип түшкөн бардык гуманитардык жардамдардын электрондук эсеби жүргүзүлүүдө.Читать далее
Бүгүн, 30-сентябрда Ички иштер министрлигинин штабдык кызматкерлери кесиптик майрамын белгилөөдө, – деп билдирет ИИМдин басма сөз кызматы. Маалыматка ылайык, ИИМдин учурдагы жетекчилиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан реформалардын жана оптималдаштыруунун негизинде бүгүнкү күндө министрликтин Башкы штабынын түзүмүнө башкы инспекция, талдоо, пландоо жана контролдоо бөлүмү, башкаруу чечимдерин иштеп чыгуу жана стратегиялык документтерди аткаруу бөлүмү, мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү, […]Читать далее
Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин маалыматы боюнча, коомдук транспорттун маалымат такталары (трафареттер) расмий тилден мамлекеттик тилге которулууда. 2013-жылдын 18-июнундагы №153 Шаардык транспорт башкармалыгынын буйругуна ылайык мамлекеттик тилде иш алып баруу жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күндө, коомдук транспортто жайгашкан маалымат такталардын (трафареттер) 80% пайызы которулду.Читать далее
Мамлекеттик салык кызматы ушул жылдын башынан тартып жергиликтүү бюджетке 2,2 млрд сом мүлк салыгын жыйнады. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, транспорт каражатына 678,4 млн сом салык чогултулган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 109,7 млн сомго көп. Турак жайга (үй, батир) салыктын суммасы 97,3 млн сомду, турак эмес жайга 692,9 млн […]Читать далее