Салык кызматы жыл башынан бери 2,2 млрд сом мүлк салыгын жыйнады

 Салык кызматы жыл башынан бери 2,2 млрд сом мүлк салыгын жыйнады

Мамлекеттик салык кызматы ушул жылдын башынан тартып жергиликтүү бюджетке 2,2 млрд сом мүлк салыгын жыйнады. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, транспорт каражатына 678,4 млн сом салык чогултулган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 109,7 млн сомго көп.

Турак жайга (үй, батир) салыктын суммасы 97,3 млн сомду, турак эмес жайга 692,9 млн сомду түздү. 2021-жылга салыштырмалуу турак жайлар боюнча 13,8 млн сомго, турак эмес жайлар 126,7 млн сомго көп чогултулган.

Үй жанындагы, короо-жай алдындагы жана бак-чарба жер участокторуна салык боюнча түшүүлөр 186,2 млн сомду түздү. Бул өткөн жылдын көрсөткүчүнөн 24,1 млн сомго көп.

Мындан тышкары, калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерге салык боюнча 552,8 млн сом түштү. Бул 2021-жылдын ушул мезгилине караганда 30,4 млн сомго көп.

Эске салсак, 1-сентябрда транспорт каражатына, турак-жай мүлкүнө жана үй жанындагы, короо-жай алдындагы жана бак-чарба жер участогуна салык төлөө мөөнөтү аяктаган.

Связанный пост