Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев бүгүн, 11-октябрда, Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапар менен келди. Азербайжандын Президентинин учагы “Манас” эл аралык аэропортуна конду. Аэропорттун флагштокторуна Кыргыз Республикасынын жана Азербайжан Республикасынын мамлекеттик желектери илинип, килем төшөлүп, аны бойлото Ардак кароол тизилди. Жогорку даражалуу мейманды Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тосуп алды. Эки мамлекеттин башчысына концерттик программа тартууланды. Мамлекеттик […]Читать далее
Замирбек Үсөнбаевдин репертуарындагы чыгармаларды аткаруучулар арасында кароо сынак жарыяланат
Залкар төкмө акын, Кыргыз Республикасынын эл артисти Замирбек Үсөнбаевдин 70 жылдык мааракесине карата ырчы, дастанчы жана акындар арасында профессионал аткаруучулар үчүн кароо сынак жарыяланат. Кайсы чыгармалар: 1.Олжобай менен Кишимжан 2.Кожожаш 3.Гөзал кыз 4.Кызыл туу кыргыз кыздары 5.Жыргалын кулкун эл менен 6.Акбаары 7.Кырк серке жайлоосундагы айтыш 8.Чонду акын”Кези кези келгенде” 9.Эненин арманы 6 уулунан айрылганы 10.Комузчуларга […]Читать далее
Президенти Садыр Жапаров “2022-жылдын 14–17-сентябрында Баткен облусунда болгон куралдуу кагылышуунун кесепетинен жабыр тарткан Баткен облусунун Баткен районунун айрым калктуу конуштарын калыбына келтирүү боюнча кошумча чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Баткен облусунун Баткен районунун Капчыгай жана Достук калктуу конуштарын толук калыбына келтирүү, ошондой эле 2022-жылдын 14–17-сентябрында Баткен облусунда болгон куралдуу кагылышуунун кесепетинен жабыр тарткан, аталган калктуу […]Читать далее
А.Осмонов атындагы Улуттук китепканада кыздардын эл аралык күнүнө арналган «Кыргызстандын кыздарынын заманы» иш чарасы өттү. Анын негизги максаты – кыздардын жетишкендиктердин, илимий табылгаларын көрсөтүү жана коомчулукту кыздардын билими менен потенциалына көбүрөөк инвестиция салууга чакыруу. Иш чарага «Илимдеги кыздар» долбоорунан 300 кыз катышты. КРнын билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов катышуучуларга, долбоордун өнөктөштөрүнө жана ыктыярчыларга […]Читать далее
Бүгүн, 11-октябрда Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапары башталат. Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдиргендей, биринчи күнү эки өлкөнүн лидерлеринин эки тараптуу сүйлөшүүлөрү, Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы биринчи мамлекеттер аралык кеңештин жыйыны өтөт. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында бир катар биргелешкен документтер кабыл алынып, Садыр Жапаров менен Ильхам Алиев прессага билдирүү жасашат. Бул мамлекеттик сапардын алкагындагы […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Чүй-Токмок пунктунун кант кызылчасынын жаңы түшүмүн кабыл алууга даярдыгын текшерди. Өлкөнүн Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, быйыл кант кызылчасынан жакшы түшүм алынышы күтүлүүдө. Учурда аны жыйноо иштери уланууда. Фермердик чарбалар жыл аягына чейин 480 миң тоннага чейин түшүм жыйнап алуусу пландаштырылган. Белгилей кетсек, быйылкы кант кызылчасынын мыкты түшүмү […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 10-октябрда, Гималайдагы Манаслу чокусун багындырган альпинисттер менен жолугушту. Мамлекет башчысы Кыргызстандын альпинизм боюнча курама командасынын мүчөлөрү менен жылуу учурашып, аларды планетанын эң бийик чекиттеринин бирине ийгиликтүү чыгышы менен куттуктады. Альпинисттердин кайраттуулугун жана өжөрлүгүн белгилеп, Садыр Жапаров кыргызстандыктардын эң бийик тоо чокуларынын бирин багындырышы өлкөнүн бүткүл элинде сыймыктануу жана шыктануу сезимин […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматында жыйын өткөрдү. Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйындын жүрүшүндө Акылбек Жапаров белгиленген салык чогултуу планы толук көлөмдө аткарылышы керектигин белгиледи. «Электрондук эсеп-фактураларга толугу менен өтмөйүнчө, товарлардын кыймылын эсепке алуу кыйынга турат. Бирдиктүү салык төлөм картасы, «Салык төлөөчүнүн кабинети» сыяктуу долбоорлорду толуктап иштеп чыгып, […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-октябрда, Европа Биримдигинин Борбор Азиядагы атайын өкүлү Тери Хакаланы кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Тараптар эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү активдештирүү, сапар алмашуу жана Кыргызстан менен ЕБ ортосунда Кеӊейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык боюнча келишимге кол коюу маселелерин талкуулап, глобалдык күн тартибиндеги кеңири чөйрөдөгү, анын ичинде регионалдык коопсуздуктун […]Читать далее
Бүгүн, 10-октябрь күнү Кувейт өлкөсүнүн Ас-Сафа коомдук бирикмесинин колдоосу менен Өзгөн районунун Куршаб айыл өкмөтүндө оорукана жана мектептин жаңы имараты курулду. Ошондой эле Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл өкмөтүндөгү Эшме айылында 152 үй-бүлө үчүн “Эне жана балдарды коргоого багытталган ” социалдык шаарча ачылды. Аталган жайлардын ачылыш аземине КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов […]Читать далее