Ош облусунда оорукана, мектептин жаңы имараты жана социалдык шаарча пайдаланууга берилди

 Ош облусунда оорукана, мектептин жаңы имараты жана социалдык шаарча пайдаланууга берилди
Бүгүн, 10-октябрь күнү Кувейт өлкөсүнүн Ас-Сафа коомдук бирикмесинин колдоосу менен Өзгөн районунун Куршаб айыл өкмөтүндө оорукана жана мектептин жаңы имараты курулду. Ошондой эле Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл өкмөтүндөгү Эшме айылында 152 үй-бүлө үчүн “Эне жана балдарды коргоого багытталган ” социалдык шаарча ачылды. Аталган жайлардын ачылыш аземине КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов жана Кувейт өлкөсүнүн Ас-Сафа коомдук бирикмесинин жетекчилиги, өкүлдөрү катышты.
Пайдаланууга берилген жаңы социалдык обьектер:
1. Кувейт мамлекетинин “Ас-Сафа” фондунун каржылоосу менен Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн Эшме айылындагы 4 гектар жерге заман талабына ылайык, бардык шарттары бар 152 кожолукка 38 батир, ФАП, азык-түлүк дүкөнү, кичи футбол аянтчасы, мечит, 40 орундуу тигүү цехи менен курулду.
2. Куршаб айылында «АМАНАТ-ОШ» билим берүү мекемесин курулду. Муктаж үй-бүлөлөрдүн балдарына колдоо көрсөтүү максатында курулган 300 орундуу билим берүү мекемеси өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
• Толугу менен эмеректелген 20 окуу бөлмөсү жана административдик кабинеттери бар эки кабаттуу окуу корпусу;
• Душ, кийим алмаштыруу жана жуунучу бөлмөлөр менен окуу корпусуна туташтырылган спорт залы;
• 104 орундуу окуучу балдар үчүн жатакана;
• 104 орундуу окуучу кыздар үчүн жатакана;
• Ашкана;
• Футбол талаасы.
3. Өзгөн районундагы Куршаб жалпы дарыгердик практикалык борборуна 2 кабаттан турган жер төлөөсү менен 40 керебеттүү оорукана курулуп, пайдаланууга берилди.

Связанный пост