Баткен облусунун айрым калктуу конуштарын калыбына келтирүүгө кошумча чаралар көрүлөт

 Баткен облусунун айрым калктуу конуштарын калыбына келтирүүгө кошумча чаралар көрүлөт

Президенти Садыр Жапаров “2022-жылдын 14–17-сентябрында Баткен облусунда болгон куралдуу кагылышуунун кесепетинен жабыр тарткан Баткен облусунун Баткен районунун айрым калктуу конуштарын калыбына келтирүү боюнча кошумча чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Баткен облусунун Баткен районунун Капчыгай жана Достук калктуу конуштарын толук калыбына келтирүү, ошондой эле 2022-жылдын 14–17-сентябрында Баткен облусунда болгон куралдуу кагылышуунун кесепетинен жабыр тарткан, аталган калктуу конуштардын жашоочуларынын жашоо-турмушу үчүн зарыл болгон жана бирдей шарттарды түзүү максатында, Баткен облусунда өзгөчө кырдаал режиминин иштешин эске алып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерине ылайык токтом кылынат:

  1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын
    17-сентябрындагы № 313 Жарлыгы менен түзүлгөн Баткен жана Ош облустарында болгон куралдуу кагылышуунун кесепетинен бузулган жана талкаланган административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын Баткен облусунун Баткен районунун Капчыгай жана Достук калктуу конуштарында жайгашкан жеке турак үйлөрдү Баткен облусунун Баткен райондук Жарандык коргонуунун өзгөчө кырдаалдардан келтирилген зыянды баалоо боюнча комиссиясы тарабынан а ыкталган бузулуулардын бар же жок экендигине карабастан, кийин жаңы турак үйлөрдү куруу менен толук бузуу жөнүндө сунушу жактырылсын.
  2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү менен биргеликте:

– Баткен облусунун Баткен районунун Капчыгай жана Достук калктуу конуштарын деталдуу пландоо долбоорлору менен биргелешкен башкы пландарды иштеп чыксын;

– калктуу конуштардын башкы пландарын иштеп чыгуу үчүн
M 1: 5000 жана M 1: 2000 масштабындагы топографиялык пландарды камсыз кылсын;

– Баткен облусунун Баткен районунун Капчыгай жана Достук калктуу конуштарында жайгашкан жеке турак жай үйлөрүн Баткен облусунун Баткен райондук Жарандык коргонуунун өзгөчө кырдаалдардан келтирилген зыянды баалоо боюнча комиссиясы тарабынан аныкталган бузулуулардын бар же жок экендигине карабастан, кийин жаңы турак үйлөрдү куруу менен бузсун;

– тез арада калыбына келтирүүнү талап кылган форс-мажордук кырдаалдардын кесепеттерин локалдаштыруу шартында курулуш иштерин жүргүзсүн жана курулуш иштерин өз убагында аяктоону камсыз кылсын.

  1. Төмөнкүлөр белгиленсин:

– жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары ушул Жарлыктын 2-пунктунда көрсөтүлгөн башкы пландарды жана калктуу конуштарды деталдуу пландоо долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча бирдиктүү заказчы катары чыгары;

– Баткен облусунун калктуу конуштарында жайгашкан жаңы тургузулган жеке турак үйлөрдүн укук ырастоочу жана укук белгилөөчү документтери бир убакта курулуш иштерин аяктоо менен тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан менчик ээлерине акысыз берилери.

  1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул Жарлыктын 2-пунктунда көрсөтүлгөн башкы пландарды, калктуу конуштардын деталдуу пландоо долбоорлорун жана топографиялык негиздерин иштеп чыгууга берилген сметага ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына акча каражаттарын бөлсүн.
  2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Жарлыктан келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.

Связанный пост