Кыргызстанда 30 миң кыз STEM тармагында билим алды

 Кыргызстанда 30 миң кыз STEM тармагында билим алды

А.Осмонов атындагы Улуттук китепканада кыздардын эл аралык күнүнө арналган «Кыргызстандын кыздарынын заманы» иш чарасы өттү. Анын негизги максаты – кыздардын жетишкендиктердин, илимий табылгаларын көрсөтүү жана коомчулукту кыздардын билими менен потенциалына көбүрөөк инвестиция салууга чакыруу. Иш чарага «Илимдеги кыздар» долбоорунан 300 кыз катышты.

КРнын билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов катышуучуларга, долбоордун өнөктөштөрүнө жана ыктыярчыларга саламын жолдоп, өз сөзүндө кыздардын билиминин маанилүүлүгүн белгилеп, аларга STEM тармагында  – илим, технология, инженерия жана математикада ийгиликтерди каалады.

«Керектүү жардам көрсөтүлсө, Кыргызстандын илим тармагында кыздары баарына жетише аларына ынандык. Кыргызстандын гүлдөгөн келечеги бүгүнкү өспүрүм кыздардын колунда экенине ишенебиз. Бүгүнкү иш чара «кыргызстандык кыздардын заманы» деген ураан алдында өтүп жатат. Кыздар өз потенциалын ишке ашырыш үчүн колдоо көрсөтүүдө баарыбыз күч-аракетибизди бириктирели», – деп белгиледи ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлүнүн орун басары Сильви Хилл.

Иш чаранын жүрүшүндө ЮНИСЕФ 2020-жылы башталган «Илимдеги кыздар» программасынын жыйынтыктарын тааныштырды. Анын башкы максаты – жаңы конуштардагы жана элеттеги кыздар илимде, техникада, инженердик ишмердүүлүктө жана математикада ийгиликтерге жетип, карьералык жактан өсүшү үчүн алардын потенциалын бекемдөө.

Жыйынтыгында өлкө боюнча 30 000 кыз илим жана технология жаатында билим алып, өз күчүн сынап көрдү. Үч жыл аралыгында долбоордун катышчуулары СТЕМ тармагындагы билимге чоң кызыгуусун көрсөтүп, каалаган кесибине карай алгачкы кадамдарды таштады. Кыздар IT инженериясы, математика, химия, технология, илим жана спутник куруу менен алектеништи. Ошондой эле 444 кыз Жалпы республикалык тестирлөөгө даярдоо боюнча интенсивдүү курсту аяктады жана Кыргызстандын, чет өлкөлөрдүн ЖОЖдоруна өтүштү. Алардын 34%ы бюджеттик бөлүмгө кабыл алынды. Окууга өткөн кыздардын жарымынан көбү техникалык адистиктерди тандашты.

Связанный пост