Спорт

Футбол боюнча 2023-жылкы Азия кубогу кайсы өлкөдө өтөөрү аныкталды

Бүгүн, 17-октябрда Азия футбол конфедерациясынын (АФК) аткаруу комитети Катар футбол ассоциациясын 2023-жылкы Азия кубогун өткөрүү үчүн кабыл алуучу ассоциация катары бекитти. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Азия кубогу үчүн оюндар 2024-жылдын январында өтмөй болду. Финалга 24 команда, анын ичинде Кыргызстандын курамасы чыккан. Катар (турнирдин ээси) Австралия Япония Иран Ирак Түштүк Корея Ливан Палестина […]Читать далее

Коом

Кыргызстанда бир жумада мас абалында унаа башкарган 223 айдоочу аныкталды

Кыргызстандын аймагында акыркы бир жуманын ичинде 14 миң 354 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, анын ичинен: – ылдамдыкты ашырып айдоо– 3933; – тиешелүү документи жок унаа башкаруу – 192; – транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузгандыгы үчүн – 4475; – […]Читать далее

Коом

Бүгүндөн тарта Боомдо таш кулатуу иштери жүрөт

17-октябрдан 21-октябрга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 131-чакырымында, Боом капчыгайы (темир жолдун 3901-чакырымы),  кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу  “Кыргыз темир жолу” УК” мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы маалымдайт. Иш жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:00дөн 15:00гө чейин КР ИИМдин жол кыймылын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жол жарым-жартылай тосулгандан кийин, күндүзгү убакытта жүргүзүлөт. Жолду […]Читать далее

Спорт

Бишкекте “Чектөөсүз спорт” парамарафону болуп өттү

Бишкек шаарында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын арасында “Чектөөсүз спорт” аталышындагы парамарафон болуп өттү. Иш-чарага 500гө жакын спортчу катышып, чуркоо, таяк тартыш жана кол күрөш боюнча мелдештер өттү. Парамарафондун салтанаттуу ачылуу аземине Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Маданият маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов, Дене тарбия жана спорт Департаментинин директору Канат Шабданбаев катышты. […]Читать далее

Билим

ЖРТ: Кышкы кабыл алуу жөнүндө буйрук чыкты

Билим берүү жана илим министрлигинин 2022-жылы Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына тапшыруу үчүн (кышкы кабыл алуу) абитуриенттерге Жалпы республикалык тестирлөөнү уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө буйругу бекиди. Ага ылайык кышкы тестирлөө 2022-жылдын 24-ноябрынан 30-ноябрына чейин өтөт. Буйрук Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы №355 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ЖОЖдоруна кабыл алуу тартибинин негизинде бекитилди.Читать далее

Маданият

Замирбек Үсөнбаевдин 70 жылдыгына арналган кароо сынак жыйынтыкталды

Залкар төкмө акын, Кыргыз Республикасынын эл артисти Замирбек Үсөнбаевдин 70 жылдык мааракесине карата ырчы, дастанчы жана акындар арасында профессионал аткаруучулар үчүн өткөн сынак жыйынтыкталды. Калыстар тобунун чечими менен Бакыт Акматов баш байгени утуп, 250 миң сом акчалай сыйлыкка татыды. Ал эми 1-орунду Турдукан Сарбанова 160 миң сом, 2- орунга Калыбек Турганов 120 сом, 3- орунду […]Читать далее

Спорт

Оор атлетика боюнча Азия чемпионаты: Бекдөөлөт Расулбеков күмүш байгенин ээси

Оор атлетика боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөсү Бекдөөлөт Рыскулбеков Манама шаарында (Бахрейн) өтүп жаткан Азия чемпионатында экинчи орунду ээледи. Спортчу 102 кг салмак категориясында катышты. Бекдөөлөт Расулбеков жулкуп көтөрүүдө 173 килограммды, ал эми түртүп көтөрүүдө 216 килограммды көтөрүп, жалпы 389 упай менен 2-орунду ээледи. Белгилей кетсек аталган мелдеште оор атлетчи Эмил Молдодосов 89 […]Читать далее

Саясат

Садыр Жапаров: БА өлкөлөрү жана Россия менен мамлекеттер аралык мамилелерди

«Борбордук Азия өлкөлөрү жана Россия менен мамлекеттер аралык мамилелерди өнүктүрүү Кыргызстан үчүн биздин өлкөлөрдүн жана элдерибиздин жалпы тарыхый мурасына, маданиятына, экономикасына, тилдик жана руханий салттарына жана баалуулуктарына негизделген артыкчылыктуу багыт болуп саналат», — деп белгиледи президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-октябрда, Астана шаарында (Казакстан Республикасы) «Россия — Борбордук Азия» саммитинде. Сөзүнүн башында Мамлекет башчысы Россиянын президенти […]Читать далее

Экономика

Салык кызматы лотереянын II утушундагы төрт жеңүүчүнүн байгелерин жокко чыгарды

Мамлекеттик салык кызматы 2022-жылдын 1-октябрында өткөрүлгөн “Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясынын экинчи утушундагы төрт байге боюнча жыйынтыгын жокко чыгарды. Тактап айтканда, эки iPhone 13, бир смартфон жана бир микротолкундуу мешти уткан лотереянын 4 катышуучусунун утуштары жокко чыгарылды. Лотереянын ведомстволор аралык байкоочу комиссиясы ойнотулган байгелер боюнча берилген материалдарды кароонун жыйынтыгы боюнча ушундай чечимге келди. Жеңүүчүлөрдүн катышуу шарттарынын сакталышын текшерүүнүн жүрүшүндө 4 байгенин ээлери – Шайырбек уулу Бектен, Жазира Майрамбекова, Алтынбек […]Читать далее

Спорт

Азия чемпионаты: Оор атлетика боюнча Эмил Молдодосов экинчи орунду ээледи

Кыргыз республикасынын оор атлетика боюнча курама командасын мүчөсү Эмил Молдодосов Манама шаарында (Бахрейн) өтүп жаткан Азия чемпионатында Экинчи орунду ээледи. Ал 89 кг салмак категориясын катышып, жулкуп көтөрүү боюнча (166) биринчи орунду, жулкуп көтөрүү боюнча (195) үчүнчү орунду жыныйтыгында 361упай менен экинчи орунду камсыз кылган. Мындан сырткары 61 кг салмак категориясында Ишенбек Муратбек уулу жана […]Читать далее