Оор атлетика боюнча Азия чемпионаты: Бекдөөлөт Расулбеков күмүш байгенин ээси болду

 Оор атлетика боюнча Азия чемпионаты: Бекдөөлөт Расулбеков күмүш байгенин ээси болду
Оор атлетика боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөсү Бекдөөлөт Рыскулбеков Манама шаарында (Бахрейн) өтүп жаткан Азия чемпионатында экинчи орунду ээледи. Спортчу 102 кг салмак категориясында катышты.
Бекдөөлөт Расулбеков жулкуп көтөрүүдө 173 килограммды, ал эми түртүп көтөрүүдө 216 килограммды көтөрүп, жалпы 389 упай менен 2-орунду ээледи.
Белгилей кетсек аталган мелдеште оор атлетчи Эмил Молдодосов 89 кг салмак категориясында экинчи орунду ээлеген.

Связанный пост