29-октябрда Бишкекте Корея Республикасынын КРдагы элчилиги уюштурган “Корей Кимчи фестивалы жана салттуу шараптын даамы” болуп өттү. Кимчини даярдоо искусствосуна социалдык маселелер боюнча вице-мэр Виктория Мозачева жана Биринчи май районунун башчысынын орун басары Аида Рысбаева катышты. Эске салсак, 2013-жылы Кимчини даярдоо маданияты ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурасы статусуна ээ болгон. Кимчи фестивалы жана корей шараптарынын даамы […]Читать далее
Садыр Жапаров Индиянын Премьер-министрине Гуджарат штатында көпүрөнүн кыйрашына байланыштуу көңүл
Президент Садыр Жапаров Индия Республикасынын Премьер-министри Нарендра Модиге Индиянын Гуджарат штатында көпүрө кыйрап, адамдар каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. «Индиянын Гуджарат штатындагы Морби шаарында асма көпүрө кыйрап, андан улам каза болгондор тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Бүткүл кыргыз элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан каргашалуу окуяда каза болгондордун жакындарына жана туугандарына […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров Луис Инасиу Лула да Силваны Бразилиядагы Президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады. «Сизди 2022-жылдын 30-октябрында өткөн Бразилия Федеративдүү Республикасынын Президентин шайлоодогу жеңишиңиз менен чын дилимден куттуктайм. Сиздин жеңишиңиз Бразилия элинин колдоосунун жана ишениминин маанилүү көрсөткүчү болуп саналат. Кыргызстан Бразилия менен эки тараптуу кызматташтыкты жана элдерибиздин ортосундагы салттуу достук мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет. […]Читать далее
Биринчи май акимиатынын жамааты “Ак-Босого” конушунунда ишембилик өткөрдү. Иш чарада БУУнун миграция боюнча Эл аралык уюму шаарга жалбырактуу дарактардын 70 көчөтүн берди. Алар 40 кайың жана 30 клен. Күзгү отургузууну өткөрүүгө “Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасынын жашылдандыруучулары жардам беришти.Читать далее
Жаратылыш ресурстары министрлигинин мамлекеттик инспекторлору “Илбирс” коомдук фондунун кызматкерлери менен биргеликте Нарын облусунун Ак-Талаа районунун аймагында рейдтик иш чара жүргүзгөн. Текшерүүдө Субару Форестер үлгүсүндөгү автоунаа токтотулуп, ичинен мыйзамсыз олжолонгон 3 баш чил жана куралдар табылган. Аталган факт боюнча ордунан протокол толтурулуп, Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” Кодексинин 261-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ ылайык 10 000 сом айып пул салынып, 6 […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Баткен облусуна жумушчу сапарынын алкагында жергиликтүү бийлик органдарынын жана жергиликтүү коомчулук өкүлдөрү менен жолугушууга катышты. Министрлер Кабинетинин башчысы жергиликтүү коомчулуктун мүчөлөрүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттарынын күнү менен куттуктады. Ал белгилегендей, өлкөдө 453 […]Читать далее
Айнуска Калил кызы Казакстанда өткөн эл аралык жарым марафондо жеңүүчү аталды. 30-октябрь күнү Казаксандын Түркстан облусуда эл аралык марафон болуп өттү. Анда Кыргыз Республикасынын жеңил атлетика боюнча курама командасынын мүчөсү Айнуска Калил кызы жана Гулшаной Сатарова катышты. Жарым марафондо 1 саат 14 мүнөт 8 секунд жыйынтыгы менен Айнуска Калил кызы 1-орунду, ал эми 1саат, 15 […]Читать далее
2022-жылдын 23-24-октябрында Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов Ташкент шаарында иш сапары менен болду. Иш сапарынын алкагында Сүйүнбек Касмамбетов Өзбекстандын Кыргыз улуттук маданий борборунун 30 жылдыгына арналган иш-чараларга катышты. Майрамдык иш-чара Өзбекстанда жашаган кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында ар улуттан турган 15 баланы баккан Шахмед Шамахмудовдун эстелигине гүл коюу аземинен башталды. […]Читать далее
Биринчи май районунун администрациясы бүткүл дүйнөлүк инсульт күнүнө карата КРнын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын дарыгерлерин сыйлады. Акимиаттын Ардак грамоталарын жана ыраазычылык каттарын башчынын орун басары Аида Рысбаева тапшырды. Ардак грамоталар төмөнкүлөргө тапшырылды: – Ырысов Кеңешбек Бакирбаевич-нейрохирург, И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын окуу иштери боюнча проректору; – Каримов Жеңишбек Маликович-нейрохирург, С. Б. […]Читать далее
Бишкекте Президентке караштуу Коррупцияга каршы ишкердик кеңештин (КИК) биринчи отуруму болуп өттү. Анда 2023-2025-жылдарга Коррупцияга каршы саясаттын стратегиясынын жана аны ишке ашыруу боюнча стратегиялык иш-чаралар планынын долбоорлоруна мамлекеттик органдардын жана президент – министрлер кабинетинин администрациясы менен айтылган сын-пикирлер жана сунуштар талкууланды. Бардык сунушталган сын-пикирлер жана сунуштар Стратегиянын жана САПтын долбоорлоруна, ошондой эле Стратегиянын жана САПтын […]Читать далее