Акылбек Жапаров жергиликтүү бийлик органдарынын жана жергиликтүү коомчулук өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү

 Акылбек Жапаров жергиликтүү бийлик органдарынын жана жергиликтүү коомчулук өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Баткен облусуна жумушчу сапарынын алкагында жергиликтүү бийлик органдарынын жана жергиликтүү коомчулук өкүлдөрү менен жолугушууга катышты.

Министрлер Кабинетинин башчысы жергиликтүү коомчулуктун мүчөлөрүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттарынын күнү менен куттуктады.

Ал белгилегендей, өлкөдө 453 айыл өкмөттүн 377си же 84%ы дотацияда турат.

«Өткөн жылы биз сиздер менен Бишкек шаарында жолугушуу өткөрүп, анда тапшырмалар берилген. Иш талаптагыдай жүргүзүлбөй жатат. Кадрларды аттестациялоо жана ротациялоо иштери жүргүзүлдү. Бирок эки жылдан бери ишиңиздерде жылыш байкалбай жатат, мурдагыдай эле эски ыкма менен иштеп жатасыздар, жогорку органдардан буйрук күтүп, объекттер мамлекеттин каражатысыз курулбайт, элдин кайрылуусу уланууда. Бир жыл өттү, жыйынтык чыгарууга убакыт келди. Сыйлыкка татыктууларга сыйлык беребиз, эски ыкма менен иштеп, натыйжа көрсөтө албагандар менен коштошобуз. Элге эң жакын бийлик – бул жергиликтүү бийлик. Жергиликтүү калктын, аймактын социалдык-экономикалык маселелерин чечүү милдети сиздерге жүктөлгөн», – деди Акылбек Жапаров.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттик Администрациянын Жетекчиси жергиликтүү бийлик органдарын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн келечектүү долбоорлорун жана 4200 га жерди сугат суу менен камсыздай турган Кадамжай районундагы Алгакадам массивине канал куруу сыяктуу инфраструктуралык долбоорлорду иштеп чыгууга чакырды.

«Тоо аркылуу узундугу 25 км болгон канал курулган. Долбоордун жалпы наркы 2,9 млрд сомду түзөт. Долбоордун 50%ы мамлекет аркылуу, калган жарымы ишкерлер тарабынан каржыланат. Биз аймактардагы келечектүү демилгелерге жана долбоорлорго мамлекеттик колдоо көрсөтүүгө даярбыз», — деди Акылбек Жапаров.

Ошондой эле жумушчу сапардын жүрүшүндө ал Кадамжай районунун Марказ айылындагы орто мектептин абалы менен таанышты, анда мектептердин жетишсиздигинен улам балдар үч нөөмөт менен билим алууда. Министрлер Кабинетинин башчысы айылда келерки жылы дагы бир мектеп курула тургандыгын билдирди.

Связанный пост