Бишкекте Корей Кимчи фестивалы уюштурулду

 Бишкекте Корей Кимчи фестивалы уюштурулду
29-октябрда Бишкекте Корея Республикасынын КРдагы элчилиги уюштурган “Корей Кимчи фестивалы жана салттуу шараптын даамы” болуп өттү.
Кимчини даярдоо искусствосуна социалдык маселелер боюнча вице-мэр Виктория Мозачева жана Биринчи май районунун башчысынын орун басары Аида Рысбаева катышты.
Эске салсак, 2013-жылы Кимчини даярдоо маданияты ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурасы статусуна ээ болгон.
Кимчи фестивалы жана корей шараптарынын даамы кимчи жасоо жана салттуу суусундуктардын ар кандай түрлөрүн татып көрүү иш-чараларын жайылтуу жана уюштуруу аркылуу корей ашканасын жана салттуу суусундуктарды тааныштыруу үчүн маанилүү иш-чара болуп саналат.

Связанный пост