Садыр Жапаров Индиянын Премьер-министрине Гуджарат штатында көпүрөнүн кыйрашына байланыштуу көңүл айтты

 Садыр Жапаров Индиянын Премьер-министрине Гуджарат штатында көпүрөнүн кыйрашына байланыштуу көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров Индия Республикасынын Премьер-министри Нарендра Модиге Индиянын Гуджарат штатында көпүрө кыйрап, адамдар каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

«Индиянын Гуджарат штатындагы Морби шаарында асма көпүрө кыйрап, андан улам каза болгондор тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Бүткүл кыргыз элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан каргашалуу окуяда каза болгондордун жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтам.
Жабыркаган жарандардын тезирээк сакайып кетишин тилейм», — деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Связанный пост