Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-ноябрда, өлкөнүн ички иштер органдарынын кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын Милиция кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти: «Урматтуу ички иштер органдарынын кызматкерлери! Милициянын кадырлуу ардагерлери! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм. Дээрлик бир кылымга тете мезгилде кыргыз милициясы канчалаган оор сыноолорго татыктуу туруштук берип, ары даңазалуу, ары сыймыктуу жолду басып […]Читать далее
Ички иштер министри Улан Ниязбеков Кыргыз милициясынын түзүлгөнүнүн 98 жылдык мааракеси менен куттуктады. Төмөндө министрдин куттуктоосунун толук текстин келтиребиз: “Ардактуу ардагерлер! Урматтуу кыргыз милициясынын жана ички аскерлердин күжүрмөн эр-азаматтары! Сиздерди Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 98 жылдыгы менен Ички иштер министрлигинин коллегия мүчөлөрүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан чын жүрөгүмдөн куттуктайм! Чынчылдык, берилгендик жана кайраттуулук деген асыл сапаттар […]Читать далее
Бүгүн, 1-ноябрда коомдук жана саясий ишмер, Социалисттик Эмгектин Баатыры Корчубек Акназаровдун 100 жылдыгына карата иш-чара өзү туулган Талас облусунун Бакай-Ата районунун, Акназаров айыл өкмөтүнө караштуу, Кызыл-Октябрь айылында, саат 10:00дө башталат. Корчубек Акназаровдун элине кылган эмгегин эскерүү үчүн борбордон Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Түмөнбай Колдошов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Бириккен Араб Эмираттарынын Президенти шейх Мухаммед бин Заед Аль Нахайяндын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында Кыргызстанда Биргелешкен холдингдик компания түзүү жөнүндө эки тараптуу макулдашууга кол коюлду. Абу-Даби Өнүктүрүү фонду менен 1 миллиард 200 миллион АКШ долларына чейинки ар кандай коммерциялык өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашырууга багытталган уставдык капиталы 100 миллион АКШ доллары болгон […]Читать далее
Бүгүн, 31-октябрда, Абу-Даби шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) Президенти шейх Мухаммед бин Заед Аль Нахайяндын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча мамлекеттер аралык өнөктөштүктү тереңдетүүгө багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду. Алар: – Кыргыз Республикасында Биргелешкен холдинг компаниясын түзүү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтүнн ортосундагы […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 31-октябрда, Абу-Даби шаарында Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) Президенти, шейх Мухаммед бин Заед Аль Нахайян менен жолугушту. Мамлекет башчылары эки өлкөнүн ортосундагы алака-катышты өнүктүрүүнүн келечегин, соода-экономикалык, билим берүү, гуманитардык, инвестициялык жана башка эки тарапты кызыктырган чөйрөлөрдөгү кызматташтыкты арттыруу маселелерин талкуулашты. БАЭ Президенти шейх Мухаммед бин Заед Аль Нахайян Президент Садыр […]Читать далее
Самбо боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасы 11-13-ноябрь күндөрү Бишкек шаарында өтө турган самбо боюнча Дүйнө чемпионатына даярдык көрүү максатында Чолпон-Ата шаарында (Ысык-Көл облусу) окуу-машыгуу жыйынын өтүп жатат. Курама команданын тизмеси: Спорттук самбо (эркектер): 1. Жанбосунов Нургазы -58 кг; 2.Бараканов Белек -64 кг; 3.Уланбеков Феликс -71 кг; 4.Алиев Айдос -79 кг; 5.Асылбек уулу Жамалбек -88 […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 31-октябрда, Абу-Даби шаарындагы Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) баатырларына арналган “Wahat Al Karama” (“Ар-намыс оазиси”) комплексине барды. Мамлекет башчысы каз катар тизилген Ардак кароол аркылуу өтүп, мемориалга гүлчамбар коюп, БАЭнин өз өлкөсү үчүн курман болгон жоокерлеринин, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин, дипломаттары менен жарандык кызматкерлеринин элестерине таазим кылды. Президент Садыр Жапаров […]Читать далее
Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин көчмө жыйыны өтүүдө. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Данияр Төлөнов, Таалайбек Сарыбашов, Алишер Козуев, Дастан Бекешев, Акылбек Түмөнбаев, Эмил Токтошев, Жаныбек Абиров, Фарходбек Алимжанов, Өмүрбек Бакиров, Шарапаткан Мамбетова, Надира Нарматова, Эльвира Сурабалдиева, Марлен Маматалиев жана башкалар, […]Читать далее
“Бишкек троллейбус башкармалыгы” муниципалдык ишканасында Автотранспорт жана жол кызматкерлеринин күнүнө карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун атынан, ошондой эле Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин, Транспорт жана коммуникация министрлигинин кызматкерлери Ардак грамоталар жана ыраазычылык баракчалары менен сыйланышты. Белгилей кетсек, 25 жылдык стажы бар кызматкерлер үзүрлүү жана ак ниет эмгеги үчүн ведомстволук […]Читать далее